Ырчы KG Элмурат Ош, Жалал-Абад облустарында балдар жана майыптар үйлөрүн кыдырып, чыгармачылыктагы жакындары менен концерт коюп келди. Элмураттын кайрымдуулук сапары Тоң районундагы балдар үйүндө уланды. Ырчынын жаңылыгы бул гана эмес. Өнөктөшү Эдил Маматов менен биргеликте “Edon rekords” аттуу студияда ыр жаздыруу менен алек болууда.