Көптөн бери АКШга барууну көксөп келген Омар акыры 14-августта таңкы саат 4тө учуп кетти. Ырчы буга чейин бир эмес, бир нече жолу аракет кылып бирок жолу болгон эмес. Омардын алыска кетишинин негизги себеби – англис тилин терең үйрөнүү. Бир чети мекенинен алыс кетип жатканына, бир чети «ал жакта кандай жашоо күтүп жатат?» деп да кооптонгон Омарды ата-энеси, биртууган эжеси, жакын достору узатышты.