Баткендин ширин кызы Бегимай Карабаева “Сырдуу махабат” аттуу ырына клип тартып бүттү. Клипти аягына чыгарар замат ырчы жакын курбусун күйөөгө узатты. Башкача айтканда, Бегимай колуктунун курбусу болду. 6 жылдан бери катташып келе жаткан курбусунун тоюна Бишкектеги зарыл иштерин таштап, чоң даярдык менен барды. Ош шаарындагы ресторандардын биринде өткөн бул тойдо көз кыскандардан, сүйүүсүн арнагандардан, белегин тартуулагандардан башы айланбай, Бегимай өз милдетин мыкты аткарды.