Тынымсыз иштеп чарчаган Алексей Филатов эки жумага эс алууга чыгып, Италияга сапар алганы жатат. Алексейдин эс алууда ишке ашырчу максаты – Рим шаарында жайгашкан Ватикан мамлекетине баруу. Аны менен катар Рим папасынын туристтер менен жолугушуусуна катышуу. Ал эми кийинки эс алуусунда “ыйык Меккеге барып, ажы болуп келем” деп ниеттенип жатат.