“Кыз-Бурак” тобу күркүрөгөн күздө “борбор калаабызга дүңгүрөтө концерт беребиз” деп катуу даярдык көрүп жатышат. Топтогу сулуулардын жетекчиси Кенже Дүйшееванын айтымында, концертке элге тааныла элек жаш таланттар да катышат. Тактап айтканда, учурда топто бир нече таланттуу улан-кыздар сахна жашоосун терең үйрөнүп, ырдоо өнөрүн өздөштүрүп жатышат. Алар Кенже эжекесинин көзөмөлүндө. Мына ошол жаштардын тушоосу "Кыз-Бурактын" күздөгү концертинде кесилмекчи.