"Гүлжигит көрүнбөй кайда жүрөт?" десе, түштүктү түрө кыдырып, концерт берип жүрүптүр. Баарынан да болгон буюм-теримдерин машинага калтырып, айылдык клубга кирип чыккыча ич кийиминен өйдө уурдатып алганы жаман болуптур. Ууру ушунчалык тамашакөйбү же Гүлжигитти аяганбы, айтор, өзүнүн эски кийимдерин машинага калтырып кетиптир.