Жакында Темир Назаров Аманда аттуу тун кызына дүркүрөтө бешик тоюн берди. “Кыз-Бурак”, Замир Мырза баштаган жоон топ ырчылар тойго барышканы менен, ырдашкан жок. Алар жөн гана конок болуп, наристеге бата берип кетишти. Баса, ырчы жигитибиз бала жытын жыттагандан тарта жалаң турмуш темасындагы ырларды жаздырууга өттү. Алардын катарында жаңы эле клиби, жарыкка чыккан “Алла” аттуу ыры да бар.