Айдин Шер Ысык-Көлдө эс алып, жаңы эле кайтып келди. Ал жактан ырчы кызыктуу окуяга кабылыптыр. Көлдө жүргөндө сууда сүзүп жүргөн кыздардын бири “жардамга!” деп бакырып эле сууга кирип кетет. Айдин аны куткарып жээкке көтөрүп келе жатса, кыз көзүн ачып, “таанышып алалы, мен сени менен таанышыш үчүн эле чөгүмүш болдум” деп ырчы жигитибиздин оозун ачырыптыр. Күйөрман кызынын амалкөйлүгүнө баа берген ырчы Көлдөн кеткиче ошол кыз менен эс алыптыр.