Бактыгүлдүн буга чейин эч кимге айтпаган таланты эми ачылып жатат. Бир гана кубулжуган үнү, балбылдаган көздөрү менен сахнаны багындырбастан, эми мода дүйнөсүнө да кадам шилтеди. Тагыраак айтканда, Бактыгүл эми модельер болот. Ырчынын колунан жаралган кийимдер жалаң кол менен саймаланып, кооздолуп тигилгени менен башкалардан айырмаланмакчы. Бул кийим-кечектердин коллекциясына, буюрса, күзүндө күбө болобуз.