Рысбек Жабиров учурда “Талак” аттуу тасманы тартуу менен алек болуп жүрөт. Аталган фильмдеги каармандардын көпчүлүгүнүн образын куудулдар жаратат. Ал эми кичинекей Сауле да ага-эжелеринен калышпай, башкы ролдогу Санжар Бердибековдун кызынын ролун жаратууда. Азыр Токтогул жергесинде съёмкада жүргөн топ кичинекей Саулени 21-август туулган күнү менен куттуктап коюшубузду өтүнүштү. Биз дагы Саулеге кең келечек каалайбыз. “Болчу бала башынан” дегендей, аз убакыттын ичинде бир нече киного тартылууга үлгүргөн кичинекей ырчы чоңойгондо атактуу актриса болот окшойт деп турабыз.