Үйдөгү чаңдын курамы эмнелерден турат?
Таанышып коюңуз: чаң кенеси
Чаңдын аллергияга алып келээри мурунтан маалым. Бул тууралуу алгачкы эскерүү ХVII кылымдагы нидерланддык врач Жон Баптистке таандык. Ал монахтын дайыма шыпыруу убагында деми кыстыга баштаары тууралуу жазып калтырган. Антсе да жаңы оору түрлөрү көбөйгөн ХХ кылым гана окумуштууларды чаң жана чаңдын курамы тууралуу терең ойлонууга аргасыз кылган.
1964-жылы голландиялык окумуштуулар үй чаңында кенелердин өзгөчө түрү бар экендигин таап чыгышкан. Учурда үй чаңында 150дөн ашык кене түрлөрү кездешет. Алардын эң коркунучтуусу Dermatophagoides pteronyssinus болуп эсептелет.
Биздин турак-жайыбыз болсо кенелерге ыңгайлуулукту түзүп берет. Башкача айтканда, 70-80 пайыз нымдуулук, 20-25 градус жылуулук алардын жашап көбөйүшүнө апкелет.
Кенелер аба аркылуу организмибизге кирип, аллергияны жаратат. Алар көзгө көрүнбөгөнү менен керебет, төшөнчүлөрдө жашайт жана уктоо мезгилинде адамдын терисинин төшөнчүгө сүрүлүүсүнөн улам түшкөн теринин өлгөн клеткалары менен азыктанат.
Тоок жана башка канаттуулардын жүнүнөн жасалган жаздыктардын 1 грамм чаңында 2000ден 15 000ге чейин (!) кене кездешет. Бул денсоолугубузга коркунуч келтирип аллергияны чакырып, алтургай, астмага жеткирет.
Чаң аллергиясынын белгилери
Аллергияга туш болгон кичине балдар чоңдорго караганда көбүрөөк кыйналышат. Алар тынбай ыйлашып, дем ала албай, кызарып-татарышат.Чоңдордо же кичине балдарда болобу, оорунун белгилери эрте мененкисин күчөйт. Негизи, чаң аллергиясы жыл боюу кармоочу аллергия түрүнө кирет. Антсе да нымдуулук көп болгон жыл мезгилдеринде: күзүндө жана кышында оорулуулар өздөрүн жаман сезишет.
Эгер бул аллергия түрү менен ооруган адам жакшылап дарыланбаса, оору бронхиалдык астмага өсүп кетүүсү мүмкүн.
Аллергияны дарылоо
Дарыгер ооруну текшерип, диагнозун чыгарган соң, организмдин өзгөчөлүгүнө жараша дарылоо курстарын дайындайт. Дарылоо өз ичине «Димебон», «Кларитин» сыяктуу таблеткаларды, андан сырткары маздарды, ийне саюуну жана башкаларды камтуусу мүмкүн. Дарыланууда эң башкысы адам дарыгердин кеңештерин так сактоо менен өзүнө жакшылап кам көрүүсү эсептелет. Өз алдынча дарылануу оорунун оорлошуп кетүүсүнө алып келүүсүн жана колдонгон дары-дармектери башка органдарын да жабырлатуусу мүмкүн экендигин эске алуулары зарыл. Тоолордо аллергияны чакыруучу кенелер болбогондуктан, аллергиясы барлар үчүн эс алууга, жашоого ыңгайлуу экендигин эскерте кетели.
Үйдө аллергиясы бар адам болсо...
Аллергияны аныктоо
Оорунун белгилери байкалаар замат аллерголог врачтарга кайрылуу кажет. Эң негизгиси болуп оорулуунун өзүнүн качан, кантип ооруп калгандыгы жана оорусунун белгилери, үйдө көбүнчө эмнелер менен алектене тургандыгы тууралуу айтып берүүсү саналат. Андан ары терисине байкоо жүргүзүү, кан тапшыруу жана башка ыкмалар каралат. Териге байкоо жүргүзүүдө оорулуунун колунун терисинин астына же терисинин үстүнүн кичине жери тилинип аллерген тамызылат. 20 мүнөт өткөн соң жыйынтыгы байкалат. Мисалы, аллерген тамызылган жер кызарып, ыйлаакча (ичинде суу бар шишик) пайда болсо, анда аллергиянын белгиси болуп саналат.
Аллергияга кабылбоо үчүн кеңештер
Даярдаган Канымжан Усупбекова