Дүйнөдө канча түрдүү адам болсо, ошончо түрдүү тагдыр бар десек болот. Айрымдарга өзүнө окшогон эле адамдардын кара өзгөйлүгүнүн кесепетинен корунуп жашаганга туура келет. Мындай армандуу тагдырга Чолпон алгач бир партада отуруп, кийин ЖОЖдун босогосун чогуу аттаган курбусунун жеңил ойлуулугунан улам туш болгон. Чолпондун курбусу Нурпери болбогон жерден кек сактап жүрүп, акыры бирөөлөр аркылуу анын бетине алтын эритүүчү кислотаны чачтырып жиберген. Ошондон бери Чолпон бетине жылына эки-үч жолудан операция жасатып, мурунку калыбына келе албай жүрөт. Көчөдө болсо жайы-кышы дебей бетин чүмкөп жүрүүгө аргасыз. Чолпон менен болгон маек назарыңыздарда...
– Кайсы жерде туулуп-өскөнсүз? Жалпы эле өзүңүз тууралуу айтып өтсөңүз...
– Мен Ош облусуна караштуу Каракулжа районунан болом. Тогуз биртуугандын улуусумун. Кыргыздарда биринчи неберени чоң эне, чоң ата багып алган жөрөлгө бар эмеспи. Ошол сыңары мени дагы чоң атам менен чоң энем багып өстүрдү. 9-класстан өз ата-энемдин колуна бардым. Мектепти жакшы окуп бүткөндүктөн, ата-энем мени Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинин юридикалык факультетине өткөрүп коюшту.
– Азыркы тагдарыңызга качан, каяктан, кантип туш болгонсуз?
– Бул окуя 1999-жылы болгон. Аны уюштурган кыз менин айылдашым, ал гана эмес, 1-класстан баштап чогуу окуган классташым болот. Нурпери экөөбүз мектепти чогуу аяктап, университетке да чогуу тапшырганбыз. Анан калса, экөөбүз жатаканада бир бөлмөдө жашачубуз. Кадимки айылдаш курбулардай эле мамилебиз жакшы болчу.
Каргашанын болушуна кичинекей эле бир окуя себепкер болду. Коңшу бөлмөдө жашаган Калыс деген кыздын күрмөсү жоголду. Ошол күнү Нурпери Калыстын бөлмөсүндө түнөгөн эле. Ал түнөгөн күндүн эртеси эртең менен Калыс сыртка чыгып кайра келсе, Нурпери жок экен. Аны менен кошо кийип жүргөн күрмөсү да жок болуп чыкты. Бир аздан соң “бөлмөгө барсам бек экен” деген Нурпери кайра Калыстын бөлмөсүнө келет. Бирок, чындыгында Нурпери менен жашаган кыздар бөлмөдө эле болчубуз. Ошентип, Калыс күрмөсү тууралуу милицияга арыз менен кайрылды. Милиция кызматкерлери күрмөнү сураштырып келип эле Нурпериге такалышат. Милиция алдында Нурпери менен чогуу жашаган биздин да суралуубузга туура келди. “Нурпери бөлмөгө келген эмес” деп мен айтып бердим. Ошондо ал: “Эмнеге антип айтасың? Бетиңе так салбасам, карап тур...”- деген болчу. Жини келгенинен эле айтып жатса керек деп анын бул сөзүн этибарга алган эмесмин. Калыстын күрмөсүн ким алганы так айтылбаса да, Нурперинин алганын баарыбыз эле билдик. Бул иш аяктагандан кийин ал экөөбүздүн мамилебиз мурункудай эле калды. Күрмө жоголгондогу окуяны унутуп деле калгам.
Күндөр өтө берди. Тез эле 1-курстун кышкы сессиясын аяктап, баарыбыз айылдарыбызга тарадык. Каникул аяктаганда Ошко кетейин деп камдана баштадым. Кетээриме үч күн калганда Нурпери үйгө келип, менин Ошко качан кетээримди сурап кетти. Эртеси чоң атамдыкына барып үйүн жыйнап, кирлерин жууп коюп, кечинде өз үйүмө келдим. Келатып жолдон кошуна кыздардын соода кылуучу чакан күркөсүндө алар менен сүйлөшүп туруп калдым. Күркө биздин үйгө жанаша эле. Аңгыча биздин үйдүн дарбазасынын алдында бейтааныш кыздын менин атымды айтып чакырып жатканын көрдүм. Мен ага “бери кел, мен бияктамын” десем, ал “сизди курбуларыңыз чакырып жатышат” деди. “Бара албайм” десем, тигил кыз бир аз турган соң кетип калды. Оюмда эч нерсе жок эле ошону менен үйгө бардым. Бир аздан кийин сырттан бирөөнүн кыйкырганын угуп чыксам, жанагы кыз кайра келиптир. “Сизди чакырган курбуларыңыз мобул катты берип жиберишти”,- деди. Үйүбүз чоң жолдун боюнда болгондуктан, машиналар көп өтөөр эле. Машина өтүп калганда тигил кыз машинанын жарыгынан эмнегедир бетин катып, ары карап калып жатты. Колунда кичинекей кружкасы да бар экенин көрдүм. Бирок, бетиме бир нерсе чачат деп ойлогон жокмун. “Кагазды ким берди экен?” деп, аны алмакка жанына басып бардым. Бирок, аны алганга жетишкен жокмун. Бир кадам калганда ал менин бетиме кружкадагы суюктукту чачып жиберди. Көзүм ушунча катуу ачышып баштаганынан улам бакырып, үйдү көздөй жөнөдүм.
– Кислота чачканын дароо эле билдиңизби?
– Анда эч нерсе билинген жок. Алгач “суу чачып жиберди” деп ойлогом. Бирок, көзүм ачышып эле көрбөй калгандыктан, суу эмес экенин түшүндүм. Апам болсо бетимди суу менен жууп кирди. Чачкан суюктугу жемпиримди оюп кетиптир. Оорукана биздин үйгө жакын болгондуктан, дароо эле алып барышты. Ал жерде эксперттер бетиме чачылган суюктуктун жытынан эле кислота экенин айтышты. Милицияга арыз жазган элем. Алар: “Ким менен уруштуң эле? Жаман көргөн, өч адамың ким?”- деп сурап, тергөө ишин башташты. Мен болсом “эч ким менен урушкан эмесмин, душманым деле жок” дейм. Жатаканадагы күрмөнүн жоголгонун, ошондогу Нурперинин сөзүн такыр эсимден чыгарып коюптурмун. Илинчектерден улам арадан он күн өткөндө мени, анан Нурперини милицияга алпарышканда ал жасагандарынын баарын моюнуна алды. Көрсө, бул кыянаттыкты бир партада отуруп чогуу чоңойгон, мен курбум деп эсептеген Нурпери уюштуруп бериптир.
– Анда денсоолугуңуз жакшы болуп калды беле?
– Эки ай көзүм такыр көрбөй жүрдү. Ошондогу менин абалымды сиз сурабаңыз, мен айтпайын. Менин денсоолугум жаштайыман калыбына келбечүдөй соолубадыбы. (Көздөрүнөн аккан жашты аарчып, сөзүн улады). Нурпери кечирим сурап, “жанында болоюн, бардык дары-дармегин толук көтөрөйүн” деп жалдырады эле, үйдөгүлөр болбой коюшту. Бул ишти уюштуруп берген Нурпери болгону менен мага кислота чачкан кошуна айылдык Бактыкан деген кыз болуп чыкты. Көп өтпөй эле Нурпери мен жаткан ооруканага “ооруп атам” деп тергөөнү создуктуруу үчүн калп эле жатып алды. Бактыкан болсо Майлысайдагы психикалык ооруканага психикалык жактан оорулуу делинип жаткызылды. Эки айдан кийин мени Ош шаарына которуп жиберишти. Ал жакта төрт ай дарыландым. Нурпери ошондо менин ата-энеме келип: “Эмне кылып аласыңар? Мен тергөөчүлөргө акча берип койгом”,- деп ачык эле айткан экен. Окуянын болгонуна алты ай өткөндө сот болуп, Нурпери жети жылга, ал эми Бактыкан үч жылга шарттуу кесилди.
– Кыздар кислотаны кайдан алышыптыр жана бул кыздар боюнча азыр маалыматыңыз барбы?
– Нурперинин жакын эжеси стоматологияда иштечү, кислотаны ошондон алышыптыр. Угушума караганда, Нурпери түрмөдөн чыгып, азыр Орусияда экен. Ал эми Бактыканды турмушка чыгыптыр деп уктум.
– Күйгөн жерлериңиз кайра калыбына келчүдөйбү?
– Андан бери тогуз жыл өттү. Ошондон бери мен көрбөгөн кордук калбай минтип жыйырма жетиге чыктым. Чачылган кислота бетимдин терисин гана эмес, түбүнө чейин, каштарымды, мурдумдун кемирчектерин дагы күйгүзүп кетиптир. Чачтарым тосуп калгандыктан, кулагым анча күйбөй калган. Бети-башымды кайра калыбына келтирүү үчүн көп акча керек экен. Ата-энем акыркы малына чейин сатканга айласыз болушту. Анан албетте, туугандарым, кайрымдуулук уюмдары жардам берип, андан бери он беш жолу операция жасалды. Ата-энем мен ыйласам кошо ыйлап, алар да менден бешбетер санаа тартып кыйналышты. Кашым түп орду менен күйүп кеткен эле, аны баш териден чачы менен кошо алып чапташты. Бетиме жоон санымдын, ичимдин төмөн жагынын терисин алып жамашты. Операциядан башым чыкпай жүрүп абдан кыйналып, жадап кеттим. Баарынан да көзүм аман калганына сүйүнөм. Ыйлай бергендиктен, кислота жаш менен чыгып кеткен окшойт. Он жылдан берки операция, наркоз дегендин баары денсоолугумду жеп бүттү. Башында 54 килограмм элем, азыр 40 килограмм араң чыгам.
– Мурунку калыбына келтириш үчүн дагы көп каражат талап кылынат экен да?
– Пластикалык операция дегениңе абдан көп акча керек экен. Менин тагдырыма боор ооруган кайрымдуу адамдардан жардам сурайын дедим эле. Бир эл, бир журт эмеспизби. Мен дагы башка адамдар сыяктуу бетимди чулгабай, корунбай, ээн-эркин жүргүм келет. Анткени, бетим эле эмес, моюн жагым да күйүп калган.