Кечээ 24-сентябрда атактуу ырчы-обончу Берадор мырза Борбиев 40ка чыкты. Ырчыны куттуктап байланышканыбызда ал: “Быйыл туулган күнүмдү белгилебейм, себеби «кырк жашты белгилебейт» деген ырым бар эмеспи. Ошол ырымды көңүлүмө түйүп алыптырмын. Ага карабай эле досторум, жакын санаалаштар телефон чалып, куттукташууда. А өзүм болсо туулган күн эмес, концертим менен убарамын. Азыр Ошто концерт берип жүрөм»,- деп билдирди. Ошол жакын санаалаштарына кошо биз да Бек мырзага чыгармачылык ийгилик, ден соолук каалайбыз!