Барселона шаарында өткөн “Бон вояж” сынагында Жанета биринчи орунга ээ болду. Ал аткарган “18 жаш” испаниялыктардын беш мүнөттүк кол чабуусуна арзыган. Жыйырма өлкөнүн өкүлүн артта калтырып, Европага кыргыздын атын таанытып келген Жанета күмүшкө аты чегилип жазылган дипломдон тышкары эки жумага Испания өлкөсүндө эс алууга жолдомо да алып кайтты.