БИЛЛДИ ӨЛТҮРҮҮ

Кытай мушташы жана италиялык вестернге жапон анимациясы менен америкалык драманы кошуп мыкты фильмди жаратуу Тарантинодон башка эч кимдин колунан келбейт эле. “Биллди өлтүрүү” жана “Биллди өлтүрүү-2” тасмалары адегенде бир сценарий болуп жазылып, убактысынын созулуп кеткенине байланыштуу гана экиге бөлүнүп көрсөтүлгөн. Мында сүрөттөлгөн кандуу окуяны түшүнүү үчүн тасманын экөөсүн тең көрүү керек экенин эске алып, биз дагы “Биллди өлтүрүү” тасмасынын эки бөлүгү тууралуу баяндоону чечтик.

Режиссёру – Квентин Тарантино
Сценарийин жазгандар – Квентин Тарантино, Ума Турман
Продюсерлери – Лоуренс Бендер, Коко Маеда
Ролдордо: Ума Турман, Люси Лью, Вивика Фокс, Дэрилл Ханна, Дэвид Керрадайн, Майкл Мэдсен, Жули Дрейфус, Чияки Курияма, Сонни Чиба жана башкалар

КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Билл профессионалдуу мушкер, киши өлтүргүч жана акча үчүн бирөөнүн жанын кыюуга даяр болгондорду чогултуп, өзүнө окшош мыкты өлтүргүчтөрдүн тайпасын түзгөн. Ал топто Билл өзү (Д.Керрадайн), иниси Бадд (М.Мэдсен), жапон кыз О-Рен (Л.Лью), бир көздүү Элль (Д.Ханна), кара терилүү Верника (В.Фокс) жана Беатрикс деген кыз (У.Турман) бар эле.
Кезектеги тапшырмасын аткараарда Беатрикс боюнда бар экенин билет да, ымыркайынын өзү жашаган жашоодо өсүшүн каалабай, Биллдин тобунан качып кетет. Билл топтогу сүймөнчүгү эми жөнөкөй адам менен баш кошуп жатканын, кичинекей дүкөнчөдө музыкалык пластинка сатып иштээрин билгенде топтун башка мүчөлөрү менен үйлөнүү тоюна күтүүсүздөн келип, кош бойлуу Беатриксти, күйөөсүн жана тойго келген конокторду чиркөөнүн ичинде мыкаачылык менен аткылап кетишет.
Шумдуктуу бир себептер менен аман калган Беатрикс 5 жыл бою комада жаткан соң өч алууну ойлойт да, каргашалуу тизме түзөт. Ал тизме боюнча кезек-кезеги менен топтун бардык мүчө­лө­рүнөн өч алып отуруп, акыры өзүнүн түп максатына – Биллди өлтүрүүгө жетет. Бирок, аны өлтүрүү оңой эмес, себеби, Биллдин колунда Беатрикстин өзү менен кошо аман калган кызы – Биби бар.

«ӨЧ – МУЗДАК ИЧИЛЕ ТУРГАН ТАМАК!»
“Биллди өлтүрүү” тасмасын жаратуу идеясы 1992-жылы эле пайда болгон. Идея режиссёр Тарантино менен актриса Ума Турманга таандык. Сценарийде бир да тамга жазыла электе экөө тасманын ураанын аныкташкан: “Өч – бул муздак ичиле турган тамак!” Азыр бул ураан фильмдин өзүндөй эле атактуу фразага айланган.
Башкы ролду Ума Турманга ыйгараарын режиссёр сыр кылып сактап жүргөн да, актрисанын 30-туулган күнүндө мындай мүмкүнчүлүктү белек катары берген. Ошентип, идеясы дээрлик 10 жылдан бери бышып келаткан тасманы тартууга даярдык көрүлө баштаган. Бирок, актрисанын кош бойлуулугуна байланыштуу съёмкаларды дагы бир жылга жылдырууга туура келген.
2003-жылдын декабрында фильмдин биринчи, 2004-жылы июнь айында экинчи бөлүгү жарык көрдү. Тасма “Алтын глобус” (“Оскардан” кийин) кинопремиясынын башкы сыйлыгына, Ума Турман “Оскарга” ээ болду. Ал эми 55 миллиондук бюджет менен тартылган тасманын кайра тапкан кирешеси 185 миллион долларга барабар эле.

ТАРТЫЛЫШЫ
Тасма Американын бир нече штаттарында, Токио жана Гонг-Конг шаарларында тартылган. Даярдык мезгилин жана монтаждоону кошкондо “Биллди өлтүрүү” туура 9 ай 9 күндө даяр болгон. Бул туурасында режиссёр Квентин Тарантино тамашалап: “Бул тасманы мен ар бир эне сыяктуу 9 ай көтөрдүм, андыктан, анын мен үчүн кандай баалуу экени түшүнүктүү деп ойлойм”,- деп айткан.
Мушташ. Тасмада жогоруда айтылгандай, кытай мушташ өнөрүнүн ыкмалары көп колдонулган. Мунун баарын көрүүчүгө эң жакшы деңгээлде тартуулаш үчүн режиссёр 1970-жылдары Кытайда тартылган фильмдердин узун тизмесин түзгөн да, операторго алардын бардыгын көрүп чыгууну буюрган.
Кан. Режиссёр (тасманын анимациялык бөлүгүн эсептебегенде) компьютердин жардамын, атайын эффекттерди колдонууга тыюу салган. Жараланган мушкерлердин денесинен фонтан сымал атылган кан эң жөнөкөй жол менен жасалган: атайын даярдалган кызыл боёк кадимки презервативдерге куюлган да, актёр аны керектүү учурда жарып жибериши гана керек болгон. Фильмди тартып бүткөнгө чейин 1700 литр кызыл боёк сарпталганы эсептелинген. Фильмдердин рейтингин аныктоочу комиссия режиссёрго кээбир эпизоддорду ак-кара түскө боёп салууну сунушташкан. Антпесе так ушул кандын өтө көптүгүнөн “Биллди өлтүрүү” цензурадан өтпөй калышы мүмкүн эле.
Кылычтар. Тасмадагы самурай кылычтарына да көңүл бурбай коюуга болбойт. Алар сценарийде жазылгандай эле чыныгы жашоодо да кылыч жасоо менен алектенген Хаттори Ханзо тарабынан даярдалган эле. Фильмдеги бардык кылычтарды жасоого жалпы эсеп менен 65 миң доллар кеткен.
Каскадёрлор. Өтө кооптуу деп саналган эпизоддорду тартууда режиссёр компьютердик графикадан көрө каскадёрлорду жалдаганды туура көргөн. Фильмде бардыгы болуп 8 каскадёр тартылган. Анын үчөө эле башкы ролду жараткан Ума Турмандын ордуна иштешкен. Кээбир маалыматтарга таянсак, каскадёрлордун бири Зои Билли эмгеги үчүн Ума Турмандан аз эмес, тагыраак айтканда, 4,5 миллион долларлык гонорар алган. Мындан улам актёрлорго берилген гонорарды божомолдой берсе болот.
6 мүнөттүк кадр. Тарантинонун дээрлик бардык фильмдеринде колдонгон бир режиссёрлук өзгөчөлүгү бар. Ал – бир нече мүнөткө созулган кадр. Мындай кадр “Биллди өлтүрүүдө” да бар. Беатрикс Верникадан өч алууга келгенде үйгө кирип, бөлмөлөрдөн өтүп, курмандыгынын аркасынан аңдыйт. Бул өзгөчө кадр үзгүлтүккө учурабайт, монтаждалбайт жана тасманын акыркы вариантына биринчи дубли гана кирет. Киночулар бул өзгөчө ыкманы “Кадр” (баш тамга менен) деп аташат. Квентиндин 6 мүнөттүк Кадрын тартуу үчүн 6 саат убакыт камданууга эле жумшалган (салыштыруу үчүн: көркөм жана документалдык фильмдерде бир кадр эң аз 4, эң көп 8 секундга созулушу керек).

УЛАНДЫСЫ ТАРТЫЛАТ
Фильмде Беатрикс атаандашы Верниканы өл­түр­гөндө анын 8 жашар Никки аттуу кызы жетим калган эле. Квентин Тарантино: “Мен Никкини ушул бойдон калтырбайм, ал чоңоюп апасынын өлүмү үчүн өч алышы керек”,- деген. Демек, жакынкы арада бул окуянын биринчи бөлүктөрүнөн кем эмес уландысын көрүү мүмкүн.

КЫЗЫКТУУСУ...

  • Фильмдеги “Woo Hoo”, “Bang Bang” сыяктуу саундтректер хитке айланган кинокомпозициялар экендиги баарына маалым болсо да, тасмага ушул жана башка 20дан ашык ыр жаздырып берген Роберт Родригес (“Күнөөлөр шаары” фильминин режиссёру) гонорар катары 1 доллар алганын билгендер аз болсо керек. Мунун себеби, учурунда Квентин Тарантино досу Родригестин фильмине 1 доллар үчүн мыкты саундтрек даярдап берген.
  • Сценарийде башкаармандын аты бир да жолу айтылбайт. Бирок, учакка алган билетин жакшылап карап, анын ысымы Беатрикс Кидо экенин байкаса болот.
  • Тасмада Беатрикстин 88 самурай менен бетме-бет согушкан эпизоддо самурайлардын арасында режиссёр Тарантино да бар. Ал эми Биллдин үйүндөгү малайлардын бирин продюсер Лоуренс Бендер аткарган. Бул продюсер менен режиссёрдун жөн гана “эми өзүбүз деле тартылып коёлу” деген оюнан болчу. Баса, режиссёр ошол топтун арасында жүрүп актёрлордун биринен таяк жеген: ал кылыч менен режиссёрду чекеге уруп алган.
  • Тарантино – легендарлуу Брюс Линин чоң күйөрманы. Муну башкаарман Беатрикстин самурай кыз О-Рен менен беттешүүгө кийип келген сары кийиминен байкаса болот. Так ушундай спорт кийимин Брюс Ли бир эмес, үч белгилүү фильмдеринде кийген. Тарантинонун айтуусу боюнча, эгер Брюс Ли тирүү болсо, аны бул тасмага тартуу үчүн режиссёр керек болсо бармагын кесип бермек.
  • Тасмада башкаарман бардыгы болуп 153 кишини өлтүрөт.
  • Режиссёр өзүнүн фильмдеринде кандайдыр бир компаниянын соода маркасын көрсөтүүнү жаман көрөт. Андыктан, “Биллди өлтүрүү” фильминдеги тамеки, сыра сыяктуу буюмдар – режиссёрдун ойлоп тапканы. “Кызыл алма” деп аталган ойдон чыккан тамеки Тарантинонун башка фильмдеринде да бар.

Бетти даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 286, 25-апрель - 1-май, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан