Кандайча дебейсизби? Көрсө Бактыярдын ичкилик менен тамекини таштаганына 1 ай болуптур. Бул тууралуу ырчы: “Өзүмдү жаңы төрөлгөндөй сезип жатам. Эми чыгармачылыкка жаңы дем-күч менен белсенип киришем”,- деп билдирди. Мындайды ал “Ак жол сага, периштем” аттуу альбомун жаңыртып, кайрадан чыгаруудан баштады. Буюрса, Бактыяр күйөрмандарына 14-альбомун сунуштамакчы.