Актёрлорунун басымдуу бөлүгү ырчылардан турган “Достор” тасмасынын сатыкка чыккандыгы баарыбызга маалым. Арадан болгону 2 апта убакыт өтсө да, пираттык дисктерди кошкондо орточо эсеп менен жүз миңден ашуун даана диск сатылган. Бул да болсо аталган тасманын өз көрөрмандарын таба алгандыгынын далили. Ошондой эле телекөрүүчүлөргө “Досторду” көрсөтүү укугуна бир гана “Супер ТVнын” музыкалык каналы ээ болду. Андыктан тасманы телекөрүүчүлөр дүйшөмбү, 28-сентябрь күнү саат 18:00дө көрө алышат.