Үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрында боло турган Кыргыз милициясынын 85 жылдыгына карата Назира Жетигенова Ош облусун кыдырып, таланттуу милиция кызматкерлерин тандап жүргөн кези. Ыр-бийге шыктуу милиция кызматкерлери тандалган соң аларды куудул айым артист кылып сахнага чыгарат. Ошентип, таланттуу "кызыл шапкечендерге" да продюсер табылды.