ҮЧ ОКУУЧУНУН ТРАГЕДИЯСЫ

Орусияда иштеп, алыста жүргөн аялга “тезинен кел, балаң оор абалда” деген коркунучтуу кабар жетти. Жалгыз уулунун чымындай жаны чыркырап жатканын сезген ал учуп-күйүп Кыргызстанга келди. Энесинин мээримдүү колдору башынан жөлөгөнүн сезген уулу ошол көзүн ачпаган калыбында түбөлүк уйкунун кучагына кете берди. Мөгдөгөн энеге жакындары “уулуңду балдар сабап коюшту” деп айтышыптыр. Ошентип, тергөө башталып, боз уландын өлүмүнө эки окуучу күнөөлүү деп табылып, жети жылдан жоопко тартылышты. Бирок, бул окуянын ачык айтылбай, тергөөдө көңүлдөн тыш калган жагдайлары өтө көп...

“ПРЕЗИДЕНТ МЕНЕН МИНИСТРГЕ ОБЪЕКТИВДҮҮ МААЛЫМАТ ЖЕТКЕНБИ?”
Коомчулукту чуу түшүргөн Панфилов районунун Капталарык айылынын Алыкул Осмонов атындагы орто мектебинин окуучусу Адилет Жузумалиевдин өлүмү тууралуу өткөн жылдын күз айларында гезит, телерадиолордо кеңири айтылып, жазылып жатты. Каза болгон баланын энесинин кайрылуусунан улам бул кылмыш ишин өлкө президенти Курманбек Бакиев менен Ички Иштер министри Молдомуса Конгантиев жеке көзөмөлгө алышты. Сот өкүмү чыгарылган соң жоопко тартылган окуучулар Арслан Ташыбаев менен Шаршенкул уулу Элдиярдын энелери, адвокаттары Бишкектеги маалымат агенттиктеринде өкүмдүн адилет эместигин айтып чыгышты. Алардын айтымында, президент менен Ички Иштер министринин жеке көрсөтмөсүнүн негизинде тергөө бир тараптуу жүргүзүлүп, күнөөсүз эки жаш баланын колуна кишен салынып калды. Жоопко тартылган эки баланын адвокаты Нина Зотова айрым жагдайларга маани берүү керектигин айтат: “Адилет Жузумалиевдин энеси Москва шаарына иштегени кетип, баласын энеси менен биртуугандарына табыштап кеткен экен. Кошуналарынын, айылдаштарынын айтымында, баласына баш-көз болгону үчүн энеси менен инисине маал-маалы менен акча салып турган. Демек, ал: “Эмне үчүн балама көңүл бөлбөгөнсүңөр? Эмне үчүн өз учурунда ооруканага алпарбагансыңар?”- деп биртуугандарына, энесине капа болоору турган кеп. Анткени, ооруканага барганда Адилеттин энеси врачтардын “эртерээк алып келсеңер бала аман калмак” деп айтышканын уккан. Ушул жагдайга көңүл буруу керек. Орусияда жүргөн Адилеттин энесинин алдында күнөөлөрүн жаап-жашырыш үчүн “Жузумалиевдер рэкетчилик кылып, жээнибизди сабашкан” деп Арслан менен Элдиярга күнөөнү арта салышты. “Адилет мектептеги рэкеттиктин курмандыгы болду” деп президентке, ИИМге кат жолдошту. Президент менен министрге толук, объективдүү маалымат жеттиби, жокпу? Маселе ушунда”.
“Жөн жерден балдарыбыз жети жылга соттолуп кетишти. Түрмөдөн кайсы адам оңолуп чыкчу эле? Эми алардын күнү кандай болот?”- деп сыздаган энелерди карап отуруп, жакшысы, ошол айылга барып, эки тараптын тең айткандарын угуп көрүү керек деген чечимге келдик.

“ӨКҮМДҮ АДИЛЕТСИЗ ДЕП ҮЧ КҮН САБАККА КЕЛБЕЙ КОЙГОНБУЗ”
Капталарык айылындагы орто мектепке келгенибизде коридорлор жымжырт болуп, сабак жүрүп жаткан кез экен. Мектеп директору Айша Дердеңкулова менен сүйлөшүп, макулдашкан соң мугалимдердин катышуусунда 11-класстын окуучулары менен жолугуштук.
Окуучулардын ичинен бирөө: “Билгенибиздин баарын айтып беребиз. Сиздерден сураныч, биздин кепти бурмалабаңыздар”,- деп суранды. Бул кыздын аты Айпери экен. Алгач ушул кыз менен сүйлөштүк.
– Макул, Айпери, сөзүңөрдү бурмалабай жазабыз. Эмнени айткың келди эле?
– Арслан менен Элдияр балдарды коркутуп, акчалай салык салганын көргөн-билген эмеспиз. Лима Жузумалиева эже мектепте дискотека коюп бергендиги үчүн чоң класстардын баарынан акча чогултуп алчу. Арслан менен Элдияр ошол акчаны чогултушчу. Аларды Темира Жузумалиева эже (Адилеттин таежеси, мектепте тарбиялык завуч) “тың балдарсыңар” деп өзү шайлаган.
– Канчадан чогултчу элеңер?
– Он сомдон.
– Аны чогултуп отурбай эле кирээрде ар бириңер төлөсөңөр болбойбу?
– Жок, чоң класстар дискотекага киреби, жокпу, анысына карабай тизме боюнча ар бирибиз 10 сомдон чогултуп берчүбүз. Башка мектептерден окуучулар келишсе, алар 20 сомдон төлөп киришчү. Арслан менен Элдиярды Адилетке 52 сом салык салган деп айтышууда. Чындыгында, алар мектепте дискотека үчүн гана акча чогултушчу.
– Экөө бардык класстардан чогултушчу беле?
Бул ирет Зуура аттуу кыз сөзгө кошулду:
– Жок, алар балдардан чогултушчу, кыздардан болсо мен чогултчумун. Лима эже жөнүндө дагы бир нерсе айтсам болобу?
– Макул, айт.
– Адилет каза болгон соң Лима эже биздин класска кирип: “Зөөкүрлөр! Кан ичкичтер! Силер да биринчи балаңар өлгөндө көрөсүңөр! Эми силерге дискотека коюп бербейм!”- деп жаман сөздөр менен бизди урушту. Биздин эмне күнөөбүз бар? Ошондо “эми дискотека коюп бербейм” деп урушкан эжекебиз Жаңы Жылда “2500 сом төлөсөңөр, музыка коюп берем” деди. Биз суранып жатып 500 сомго түшүрүп, 2000 сомго макулдаштык. Бирок, акчаны толук чогулта албай, 1800 сом бердик. Кийин сабакка кирген сайын “калган 200 сомду чогултуп бербейсиңерби!” деп урушуп жүрдү.
Быйыл мектеп босогосунан чоң турмушка аттанып чыкмакчы болуп турган окуучулар классташтарынын темир тор артында калганына капаланып жатышты. “Классыбызда 19 окуучу элек. Эми 17биз калдык. Сотто бул сөз­дөрдүн баарын айтып бергенбиз. Бирок, классташтарыбыз соттолуп кетишти. Биз соттун чечимине макул болбой жана “Лима эже мектептен чыгып кетсин” деген талап менен ата-энелерибиз кошо чогулуп бунт чыгарып, үч күн сабакка келбей койдук. Бирок, Лима эже мектептен кеткен жок. Болгону, бизге физика жана астрономия сабагынан башка мугалим берип калды. Эгер Арслан менен Элдиярдын актыгы аныкталбаса, биз бүтүрүү кечесин да уюштурбайбыз”,- дешет алар. Ошентип, бул күнү кечке Капталарыкта жүрүп, каза тапкан Адилеттин жакындарына, соттолуп кеткен балдардын энелерине, туугандарына, мугалимдерине жолугуп, окуянын чоо-жайын сүрүштүрдүк.

ШУМ КАБАР
Панфилов районунун Капталарык айылы Кыргызстандын башка айылдарынан эч кандай айырмаланбайт. Бул айылда деле баары бирин-бири тааныйт. Кубаныч, кайгысын чогуу бөлүшөт. Күнүмдүк тиричилиги менен алек болгон бул айылды өткөн жылдын 20-ноябрында коркунучтуу кабар аралады. Бул айылда таенесинин колунда жашаган Адилет аттуу улан ооруканада каза тааптыр. Шум ажал кимди кубантсын? Чырпык кезинде соолуп калган жигитке бардык айылдаштар капа тартышып, күйүткө баткан Адилеттин жакындарына көңүл айта башташты. Мындай кайгы менен катар айылды “Адилетти бүтүрүүчү класстын эки окуучусу сабап, ошонун айынан каза тааптыр” деген дагы бир шум кабар аралады. Кабар менен удаа эле маркум окуган орто мектепте милиция кызматкерлери пайда болушту. Ошол күндөн бери бул айылдагы чырга чекит коюлбай келет.

ОН ҮЧҮНЧҮ ОКТЯБРЬ
Кырчындай кезинде каза тапкан Адилет Жузумалиев, анын өлүмүнө күнөөлүү деп табылып, жети жылга эркинен ажыратылган Шаршенкул уулу Элдияр, Ташыбаев Арслан бир мектептин окуучулары эле. Адилет да, Арслан да жалгыз бой энелердин караан туткан жалгыз уулдары. Ал эми Элдияр – жалгыз бой эненин уулу, эгиздин түгөйү. Ушул эле мектепте көп жылдан бери башталгыч класстарга тамга таанытып, Арсландын энеси Бакыт эже, Адилеттин таежелери Темира жана Лима эжелер иштешет. Окуучулардын айтымында, адатта бул үчөөнүн арасында чечилбей жаткан талаш-тартыш деле болчу эмес. Ошол 13-октябрь күнү мектепте балдар арасында мушташ болгон-болбогондугун так, кесе айтуу да мүмкүн эместей. Чырдын башы болгон 13-октябрдагы окуянын күбөсү, окуу бөлүмүнүн башчысы Динара Кыдыралиеванын айтымында, ал күнү 8-класста окуган эки кыз келип: “11-класстын балдары менен 10-класстын балдары сыртта мушташа турган өңдөнүп, топтолуп турушат”,- деп айтышкан. Дароо мектеп короосуна чыккан бөлүм башчы мектепти эки айланып, мушташып жаткан балдарды тапкан эмес. Бул күн тууралуу маркумдун таежеси Лима Жузумалиева төмөнкүлөрдү айтат: “Адилетти Арслан менен Элдияр сабагандыгын мугалимдер бөлмөсүндө уктум. Түз эле 11-класска кирип сураштырып кирдим. Бири да үн катпай отуруп алышты. Адилетти чакырып, балдардын көзүнчө сурасам, “эч нерсе болгон жок” деп айтпай койду. Кийин үйгө келген соң жакшылап такып сураганымда “эч кимге айтпайм деп убада берсеңиз айтам” деп туруп алды. Мен макул болдум. Ошондо гана өзүн Арслан менен Элдияр сабап салышкандыгын айтты. Бирок, кайра-кайра “эч кимге айпаңыз” деп суранып жатты”,- дейт.

“ЭРТЕРЭЭК АЛЫП КЕЛГЕНИҢЕРДЕ БАЛА АМАН КАЛМАК...”
Ушул сүйлөшүүдөн соң бул окуя мугалимдердин да, окуучулардын да, атүгүл Адилеттин деле эсинен чыгып кеткендей. Мушташтан оор жаракат алганы билинбеген Адилет биринчи чейрек аягына чыккыча мектепке келип, сабактарга кадимкисиндей катышып жүргөн. Мектептерде далай ирет болуп жүргөн мушташ сыңары, балким, бул окуя деле биротоло унутта калаар беле. Ал күндү арадан 34 күн өткөн соң 16-ноябрь күнү эстешти. Динара Эшенкулованын айтымында, бул күнү 11-класстын окуучуларына кыргыз тили сабагын өтүп жаткан. Капыстан класска кирип келген Лима Жузумалиева менен анын Максат аттуу иниси Арслан менен Элдиярды доскага чыгарып, “силердин айыңардан Адилет ооруп жатат” деп урушуп киришкен. “Максат экөөнү ошол жерден эле сабап кирди. Мен аны токтотуп, эшикке чыгып, жай сүйлөшүүнү сурандым. Лима менен Максат эки окуучуну жетелеп алып чыгып кетишти. Менин сабагым болгондуктан, окуучуларга ал учурда мен жоопкер элем. Андыктан, көңүлүм тынчыбай тышка чыктым. Эшикте Максат эки баланы сабап, Лима урушуп жатыптыр. Адилет машинада отурган экен. Колунда таяк бар эле. Көрсө, таяк менен басып калган экен. “Эмне болду?”- деген суроомо жооп бере алган жок. Бечара бала бир ооз кеп сүйлөөгө алы жок, араң дем тартып жатыптыр. Адилеттин бул абалын тышка чыккан мен, Лима, мектеп директору, башталгыч класстардын окутуучусу Бакыт, окуу бөлүм башчысы көрдүк”.
Дене табы көтөрүлүп, оор абалга түшкөн Адилетти бул күнү таенеси менен таякеси ооруканага алып жөнөшкөн экен. Мектеп мугалимдери аны ошондо акыркы ирет көрүшкөнүн билишкен жок. Карабалтадагы ооруканада баланын оор абалын көргөн врачтар аны тезинен Бишкектеги Улуттук госпиталга алып баруу керектигин айтышкан. Ошентип, Улуттук госпиталга жеткирилген Адилет операция жасалганына карабай 20-ноябрь күнү дем тартпай узап кете берген. Госпиталдагы хирургдар “баланы эртерээк алып келгениңерде аны сактап калууга болоор эле” деп кейигендери тергөөдө билинди.

ӨЛҮМДҮН СЕБЕБИ МУШТАШТАБЫ ЖЕ ТАМДАН КУЛАГАНДАБЫ?
Тергөөдө, сот жыйынында да маркумдун жакындары: “Адилетти 13-октябрь күнү 11-класстын окуучулары Шаршенкул уулу Элдияр менен Ташыбаев Арслан сабашкан. Жаш жигиттер мындай маселени чоңдорго айтып арызданууну намыс көрүшөт эмеспи. Ушул себептен Адилет эки баладан муш жегенин мугалимдерге да, таенесине да айткысы келген эмес. Качан гана абалы оорлогондо мушташ тууралуу айтып берди. Бул эки жигит Адилеттен 52 сом талап кылышкан”,- деген көрсөтмө берип жатышты. Бирок, соттолуучулардын адвокаттары Адилеттин туугандары анын чөп жыйылган тамдын башынан кулап кеткендигин жашырып жатышкандыгын сотто айтышкан. Айыпталуучу Арсландын энеси Бакыт Ташыбаева: “Адилеттин араң дем тартып жатканын көрүп өзүм да коркуп кеттим. Максат менен Лима биздин балдарды урушуп жатканда мен машинага башбагып, Адилеттен “чын эле сени Арслан менен Элдияр сабады беле?” деп сурадым. Бирок, баланын жооп берүүгө чамасы келген жок. Алар Адилетти ооруканага алып кетишкен соң өзүм окуткан 4-класска бардым. Менин классымда Лиманын уулу менен дагы биртууганынын кызы окуйт. Алардан “Адилет байкеңерге эмне болду?” десем, куулук-шумдугу жок балдар: “Байкем чөп жыйылган тамдын башынан түшүп кетип, бутун оорутуп алган. Ошондон бери аксап, таяк таянып басып жүрөт”,- дешти. Ал экөөнүн сөзүн класстагы бардык окуучуларым уккан. Кийин Лима “баламды урушуп, коркутуп, Адилетти тамдан кулап кетти деп жаздырып алган, коркконунан балам кекечтенип калды” деп арыз жазып, мени сотко берип, жумуштан бошоттуруп салды. Баласынын илгертеден эле кекечтенип сүйлөөрүн элдин баары билет”,- деп ыйлайт.

КҮМӨН ТУУДУРГАН ӨКҮМ
Адилеттин тамдын башынан түшүп кеткендигин Карабалтада жашаган сыныкчы Дутов да сотто айтып бериптир. Анын айтымында, буту аксаган Адилетти таенеси сыныкчыга алпарган. Сыныкчы “бутуңа эмне болду?” деп сураганында Адилет “тамдан кулап кеттим” деп жооп бергендигин айтат. Сыягы, сыныкчынын көрсөтмөсүнө сотто маани берилбеген өңдүү. Анткени, сотто “Арслан Ташыбаев менен Элдияр Шаршенкул уулу коркутуп акча талап кылуу жана байкабай туруп адамды өлүмгө кабылтуу айыптары менен күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылсын” деген өкүм чыккан. КЖКнын 101-беренесинде айтылган байкабастыктан улам адамды өлүмгө кабылтуу бул жагдайга туура келбегендей. Кокусунан бир нерсе менен уруп алып, жабыркаган адам ошол замат жан берсе, аны байкабай туруп өлүмгө кириптер кылды деп айтууга болот. Ал эми мушташтан соң кадимкидей чуркап ойноп, сабакка катышып жүрүп, 37 күндөн соң каза тапкан адамдын өлүмүн мындай беренеге таяп, балдарды жоопко тартуу күмөндүү ойлорду туудурат.

АКТУАЛДУУ КӨЙГӨЙДҮН КУРМАНДЫКТАРЫ
Балким, заманга жарашадыр, айтор, учурдун мектеп окуучулары рэкеттикти жакшы өнөр көрүшөт. Алдуусу алсызын, улуусу кичүүсүн коркутуп, өзүнө баш ийдирип, тыйын-тыпырын тартып алганды баатырдык деп санашат. Жугуштуу илдет катары жайылып кеткен рэкеттик учурда мектептердин чечилбей жаткан баш ооруларынын бирине айланган. Андыктан, каны кызуу жаштардын арасындагы мындай терс көрүнүш менен күрөшүү да учурдун актуалдуу маселесине айланган. Дал ушундай учурда каза тапкан Адилет Жузумалиевдин өлүмү учурдун көйгөйүнө дал келип калгансыйт. Ошол 13-октябрда болуп өтүп, чоо-жайы толук далилденбей калган мушташ, “бул мушташка күбө болдум” деген 10-класстын окуучусу Нурсултан Бердибек уулунун көрсөтмөсү Арслан менен Элдиярдын соттолушуна негизги далил болуп берген өңдүү.
Өкүмгө макул болбогон соттолуучулардын адвокаттары Панфилов райондук сотуна аппеляциялык арыз жазып тапшырышты. Мектеп партасын абактын нымдуу камераларына алмаштырган Элдияр менен Арслан Вознесеновка айылындагы №14-өспүрүмдөр колониясында жатышкан кези.
Мына, окурман, Капталарык айылындагы чуулгандуу окуянын чоо-жайы ушундай. Бул материалды даярдоодо кимдир-бирөөгө жан тартууну көз­дөбөдүк. Окуучулардын, мугалимдердин, маркум Адилеттин, абакта жаткан Арслан менен Элдиярдын жакындарынын айткандарын бурмалабай жазып, сизге жеткиздик. Чындык кайсы тарапта экендигин өзүңүз таразалап, тактап алаарсыз.

Даярдаган Шаиста Шатманова, фотолор Ташболот Досалиевдики

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 286, 25-апрель - 1-май, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан