Бака-шака эле дос күтө бергенди жактырбаган Жаным Айзат жалгыз калды. Башкача айтканда, ырчынын болгону үч досу болсо, алардын баарын чет мамлекетке узатты. Алгач эки курбу кызы, артынан дос баласы Лондонго учуп кетишти. Эми кезек Айзатка жетиптир. Тактап айтканда, Айзат Германияга кетүүнү келерки жылга пландап жатат.