Сүрөтчүлөр сулуу кыздарды тартканды жакшы көрүшөт эмеспи. Ошонун сыңарындай, Бактыгүл Бадыеванын сулуу жүзүн бир сүрөтчү жигит кыл калем менен тарткан экен. Ал портрет Ош шаарында сүрөтчүлөр арасындагы сынакта биринчи орунга татыган. Сүрөтчү бул эмгегин Бактыгүлдүн өз колуна тапшырды.