Ырчы Ильяз Андаш шоктук кылып кыз ала качыптыр. Кимге деп кызыгып турсаңыз керек ээ? Өзүнө эмес, жакын досуна. “Ала качуу жаман турбайбы. Досум менен ал кыз сүйлөшүп эле жүрүшчү. Бирок болочок аяшым баарыбызды тепкилеп, жулмалады. Жүрөгүм чын эле түшүп калды. Ошончолук чатак салганы менен баары бир отуруп калды”,- дейт Ильяз.