ЗОРДУКТООНУ ӨНӨР ТУТКАН АҢГИЛЕР

Абийири таза, жаш, алсыз кыздарды зордуктап, кордоп көңүл ачкан эргулдарды ким деп атаса болот? Алар жигит деген атка татыбасы анык. Аламүдүн районунун кылмыш иликтөө­чүлөрү кыздарга аңчылык кылган бул ээнбаштардын изин табуу үчүн бир айдан ашуун убакыт сарп­ташты. Учурда алардын би­ри кармалып, тергөө жүр­гү­зү­лүп, кылмыш иши сотко аш­­­кан кез. Кылмыш илик­төө­чүлөр жакынкы күндөрү кыз зордуктоону өнөр туткан бул топтун башка мүчө­лөрү­нүн колуна да кишен салуу аракетинде.

БАШКАЛААДАН УУРДАЛГАН КЫЗДАР
Аламүдүн райондук милиция бөлүмүнө январь, февраль айларынын аралыгында зордуктоого байланыштуу бир нече арыз келип түшкөн. Зордукталган кыздардын баары тең жаш кыздар. Каргашалуу окуя тууралуу алар: "Бишкектин көчөсүндө бараткан жеримден капысынан жаныма күңүрт түстөгү "БМВ" токтоду. Ичинен эки жигит чыгып, "барчу жагыңызга жеткизип коёбуз" деп мени машинага күч менен салышты. Ушунчалык күтүүсүз болгондуктан, каршылык көрсө­түп же кыйкырып жардам суроого жетишпей калдым. Рулдагысы менен булар үчөө экен. Машинаны зуулдатып айдаган боюнча алар шаардын сыртына, тоо тарапка чыгышып, Байтик айылы тараптагы ээн жерге келип токтошту. "Силер кимсиңер? Мени эмне үчүн көчөдөн салып алдыңар? Коё бергиле!"- деген сөздөрүмдү угуп да коюшпады. Машинаны жолдон далдоого, буйткага токтотушкан соң мага тийише башташты. "Мага тийбегиле" деп суранып, ыйлап, жалынып-жалбарганыма карашпады. Каршылык көрсөтсөм, колу-бутумду кайрып, сабап, максаттарына жетишти. Түнү бою улам бири мени эрмек кылып, кыйнап, зордуктап чыгышты..."- деп көрсөтмө берип жатышты.
Учурда Аламүдүн РИИБинин кылмыш иликтөөчүлөрү биринин артынан экинчиси кайталанган кылмыш иши тууралуу кенен маалымат берүүдөн сактанышууда. Албетте, буга негиз бар. Анткени, кылмышка катышы бар эргулдар толугу менен кармала элек. Ошентсе да капсалаңдуу бул кылмыш иши тууралуу айрым маалыматтарды биле алдык. Окуя тууралуу алар төмөн­күлөрдү айтып беришти: "Кыздардын арызынан улам дароо иликтөө башталган. Жаш кыздардын көз жашынан, убалынан коркпогон аңги жигиттердин изине түшүү оңойго турбады. Жабырлануучулардын айтымында, курмандыктарын шаардан алыс, киши жок ээн жерге алпарып, каалаганча көңүл ачкан эргулдар милицияга кармалып калбоонун бардык чараларын көрүшкөн. Жабырлануучуну таң аткыча үчөөлөп кыйнап, ойго-түшкө кирбес жоруктарды жасашкан соң анан таңга маал гана ал жерден кетишкен. Кетээрден мурун алар кыздардын алтын, күмүш жасалгаларын чечип алууну унутта калтырышкан эмес. Анан алы кетип, бутунда араң турган кызды бири жерге түшүрүп кармап турган, берки экөө машинаны от алдырып жөнөш­көн. «БМВ» ордунан жылган соң кызды түртүп жиберген үчүнчүсү да машинага түшүп, тебеленип, тепселип кор болгон жаш кызды талаага таштап салып кете беришкен. "Машинанын номерин көрүп калышса, бизге айгак болот" деп сактанышып, "БМВнын" арткы номерин чүпүрөк менен жаап коюшкан. Мындай жагдайда кылмышка шектүү адамдарды табуу өтө кыйын эле. Анткени, башкалаадагы темир аргымагы барлардын жок эле дегенде 10 пайызы "БМВ" минип жүрүшөт.

НЕГИЗГИ ИЛИНЧЕК
Аламүдүн РИИБинин кылмыш илик­төөчү­лөрү үймөк чөптүн ичинен ийне издеген сыңары кылмышка шектүү кишилерди таппай убара тартып жатышканда дал баягыдай маанидеги арызын көтөрүп, милиция бөлүмүнө дагы бир кыз келет. Бул кызды да жогоруда айтылган жабырлануучуларга окшоп көчөдөн капысынан токтогон машинадагылар салып кетишип, Байтик баатырдын күмбөзү тарапка алпарышкан. Анан таң аткыча зордукташып, таң агарган соң таштап салып кете беришкен. Бирок, жүрүп бараткан машина чоң ташка туш келип, ыргып кеткенде арткы номерди жаап турган чүпүрөк түшүп кеткен. Жабырлануучу машинанын номериндеги сандардын жарымын көрүп калууга үлгүргөн. Болгону, зордукчулар бул ирет "БМВда" эмес, "Фольксвагенде" жүрүшкөн.

"ФОЛЬКСВАГЕНДЕН" УЛАМ "БМВ" ТАБЫЛДЫ
"Жабырлануучулардын берген көрсөтмө­лөрү абдан эле окшош чыгып жатты: күңүрт түстөгү "БМВ", үч жаш жигит. Болгону, РИИБге акыркы кайрылган кыз кылмышкерлердин "Фольксваген" минип жүрүшкөнүн айтып берди. Кылмыштын жасалышы бири-бирине абдан эле окшош. Кыздар кылмышкерлерди табууга бизге негизги илинчек болуп берген эки нерсени эстеп калышкан. Биринчиси, "БМВ" менен уурдалган үч кызды тең машинага салып алышкан соң сол тарапка отургузушкан. Анткени, ал жактагы эшиктин туткасы сынык экен. Демек, жүрүп бараткан машинадан жаш кыз эшикти ачып түшүп кете албайт. Ошондой эле жабырлануучулардын үчөө тең машинада кичинекей DVD сыналгы бар экендигин эстеп калышкан",- дейт Ала­мүдүн РИИБинин башчысы полковник Самудин Айдаров. Анын айтымында, ишти "Фольксваген" минген жигиттерден жабыр көргөн кыздын арызын иликтөөдөн баштоону чечишкен. Шектүү машинаны болсо Аламүдүн районунун аймагынан эмес, бүтүндөй Бишкек шаарынан издөө керек эле. Кылмышка шектүү эргулдар да Бишкектин тургундары болушу мүмкүн. Акыркы жабырлануучу "Фольксвагендин" номеринин жарымын гана эстеп калган эле. Андыктан, шектүү туюлган машиналардын тизмеси абдан узун болуп чыкты. Алардын кожоюндарын бирин да көңүлдөн тыш калтырбай текшерип чыгуу зарыл болчу. Бишкек шаардык МАИ кызматкерлери менен биргеликте иштеген кылмыш иликтөөчүлөр кезектеги бир "Фольксвагендин" ээси менен сүйлөшүп жатышып, үйдүн короосунда кара түстүү "БМВ" токтоп тургандыгын байкап калышкан. Сөз арасында "БМВ" тууралуу байкатпай сураган аларга үй ээси: "Баламдын машинасы. Бузулуп калып короодо турат",- деп жооп берген. Ыгын таап, машинага көз жүгүрткөн кылмыш иликтөө­чүлөр анын ичинде кичинекей сыналгы бардыгын байкап калышат. Негизги илинчекти тапкан оперкызматкерлер артыкбаш суроо берип үй ээсине шек бербей, сылык коштошуп кете беришет. Бирок, ошол эле күнү бул дарекке келген опертоп машинанын ээсин кармап, колуна кишен салып алып кетишти. Короодо турган "БМВны" эми жакшылап карап көрүүнү чечишкен кылмыш иликтөө­чүлөр анын арткы сол эшигинин туткасы сынык экенинен улам ачылбай турганын көрүп, бир топ убакыттан бери таптырбай жүргөн адам ушул экенинен күмөн санабай калышты. РИИБге алынып келинген бул эргулду жабырлануучулардын баары таанып, зордукчулардын бири экенин айтып, көрсөтмө беришти.


Аламүдүн РИИБинин кылмыш илик­төө­­чүлөрү жаш кыздардын убалына калган зөөкүрлөрдү февраль, март айларынын аралыгында издеп, эки айга чукул убакыт коротушту. Акыры шектүү адамды таппай коюшкан жок. Учурда камакка алынган ал жигиттин иши сотко жөнөтүлгөн. Ал эми кылмыш иликтөөчүлөр зордуктоого катышкан анын шериктерин кармоонун айла-амалын издештирип жатышат.
(Тергөө жүрүп жаткандыгынан улам камакка алынган жигиттин жана жабырлануучулардын аты-жөнү берилбеди).

Даярдаган Шаиста Шатманова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 287, 2-8-май, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан