17-сентябрда Микаэлдин жана ал иштеген түнкү клубдун кожоюнунун чакыруусу менен рэпер Тимати Бишкекке келген эле. Рэпер менен жакындан таанышкан Микаэль мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Тимати менен чогуу дуэт жаздырайын деп ойлогон. Сунушка макул болгон рэпер Кыргызстанда үн жаздыруучу сапаттуу студия жок экенин билгенден кийин ырдоодон баш тарткан. Ошентип, биздин ырчынын Тимати менен бирге обон созмокчу болгон кыялы ишке ашпады.