Жаш ырчы Алихандын билинбей жүргөн өнөрү көп окшойт. Бир жылдары ал коньки тээп да жүргөнүнөн кабарыбыз бар. Эми эркин күрөш менен машыгып жатыптыр. Ырчы Кыргызстандын желегин желбиретпесе да, өзүнүн дене-мүчөсүн келишимдүү алып жүрүүнү, ден соолугун чыңдоону унутпаптыр. Продюсеринин айтымында, көлөмү жагынан кичинекей болгону менен, чыгармачылыктагы жакындарын баш, продюсерин төш кылып көтөрүп чабат экен.