8-октябрда Бактыгүл Бадыеванын “Бактыгүл” аттуу кийимдер топтому көргөзүлдү. Суйкая баскан сулуулар ырчынын жарым жыл изденүүсүнүн негизинде тигилген 40 көйнөктү көргөзүштү. Бактыгүлгө таандык бул майрам Кытайдан тартып келген “Жүрөк тагы” ырынын клибинин жана “Кайгырбаймын” аттуу ырлар жыйнагынын бет ачары менен коштолду. Борбордогу ресторандардын биринде өткөн кечеге 150гө жакын адам келип күбө болушту.