Аялдын үнүн туураганы менен өзгөчөлөнүп, элдин боорун эзген куудул Дөөлөт Мадымаев көптөн бери көрүнбөй, күйөрмандарын сагынтты. Кемпирди туураганычы, тим эле өзү. Бышактап ыйлаганда Дөөлөт экенин көрүп туруп эркек экенине да ишенбей кетчү элек. Акыркы убакта Оштогу айрым концерттерге катыша коюп жүргөнүн укканбыз. Бирок учурда куудулду көргөн сахналаштары "аракка катуу берилип кетиптир" деп кейишүүдө. Күнүгө эртең менен Ош шаарындагы чоң базарга баш жазганы кирген куудул кечинде араба менен жеткиздиргенге чейин барып жатканы талантын сыйлагандардын назарын бурбай койгон жок.