Мирбек Атабековдун “Кыргызстаным” деген ырын кыргыз аттуунун баары жакшы көрүшөт эмеспи. Чет жердеги мекендештерибиздин эң жакшы көргөн ырларынын бири экени да талашсыз. Бул ырга казак ырчылары "жуучу" түшүп келишти. Башкача айтканда, казак баурлар ири суммадагы акчага сатып алып ырдап чыгышмакчы. Обону Мирбекке таандык бойдон калганы менен, сөздөрү казакчага которулат. Ошентип, “Кыргызстаным” эми "Казакстаным" деп жаңырат.