Акыркы учурда өзбек ырчысы Юлдуз Усманова жөнүндө көптөгөн айың-кептер айтылып жүрөт. Атүгүл "Юлдузду өлтүрүп салышыптыр" деген суук кабар да тараган. Бирок мунун баары ушак. Юлдуз жакында эле кыргызстандык бир байдын тоюна келип кетти. Азыр Түркияда жашап жаткан ырчы “Түркияда түркчө, Америкада англисче, Казакстанда казакча ырдайм, Кыргызстанга канча келем, бирок кыргызча бир да ыр билбейм. Эмки келгенде сөзсүз кыргызча ырдайм” деп сөз берди. Сөз соңунда муну айта кетпесе болбос. Юлдуздун Кыргызстанга бир келип ырдап кетиши 3000 евро турат экен.