ГЕЙШАНЫН ЭСКЕРҮҮЛӨРҮ

Дүйнөдө өзгөчө кооз жана баалуу искусство катары белгилүү болгон гейшалардын кызматы жөн гана каардуу, ырайымсыз, аёосуз оор эмгек экен. Мына ушуну көрсөтүүнү көздөгөн бул тасма сиздерге чыгыш дүйнөсүнүн кереметтүү, сырдуу, ошол эле убакта адилетсиздикке толгон атмосферасына чумкууга көмөк болот. Көптөгөн сыйлыктарга жетишкен жана ошону менен бирге эле кээбир өлкөлөрдө көрсөтүүгө тыюу салынган “Гейшанын эскерүүлөрү” фильминин белгисиз сырлары төмөндө.

Режиссёру – Роб Маршалл
Продюсерлери – Стивен Спилберг, Люси Фишер
Сценарийин жазгандар – Робин Суикорд, Дуг Райт
Ролдордо: Чжан Зии, Гон Ли, Мишель Йео, Кеннет Цанг, Кари-Хироюки Тагава, Мако, Кен Ватанабе, Судзука Ого, Того Игава

КЫСКАЧА МАЗМУНУ
1929-жыл, Жапония. Чийо аттуу 9 жашар жетим кызды көчөдө калбасын деп Киотодогу гейшалар үйүнө кабыл алышат. Көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан ал шаардагы барктуу аял Мамехадан сабак ала баштайт да, кичинекей Чийодон татынакай Сайюри (анын жаңы ысымы) өсүп чыгат. Кызматкерлер, байлар, ишкер адамдар Сайюринин сулуулугуна суктанышса, башка гейшалар ага ич күйдүлүк мамиле жасашат.
Эң барктуу адамдарды коштоп жүрүү, кечелерде сыйлуу конок болууга жетишкен Сайюринин тилеги такыр башка – качандыр бир кичинекей кезинде көчөдөн кезиккен сырдуу мырзага кайрадан жолугуу. Арадан көп жыл өттү, ал мырза Сайюрини тааныйт болду бекен? Сайюри ага өзүн арнап, эңсеген сүйүүсүнө жете алаар бекен? Бирок, бул – орундалбаган кыялдар. Себеби, Сайюри – гейша. Ал эми гейшанын сүйүүгө, кыялданууга, үмүттө­нүү­гө акысы жок.
Фильмде ушунун баарысын ичине сактай албай, күндөлүгүнө калем менен төккөн гейшанын окуясы чагылдырылган.

ТАСМАНЫН ТАРЫХЫНАН
Нитта Сайюри – ХХ кылымдын атактуу гейшаларынын бири болгон. Ичиндеги сырларын билдирүүгө акысыз болгон жана ал сырларын күндөлүгүнө гана айта алган кыздын башынан өткөн окуяларынын негизинде америкалык жазуучу Артур Голден 1997-жылы “Гейшанын эскерүүлөрү” аттуу романын жазган. Бул романда документалдык каталар көп эле, ошол себептен Нитта Сайюри өзү бул жаңылыштыктарды түзөтүү максатында “Гейшанын жашоосу” деген китеп чыгарууну чечкен. А бирок, голливуд режиссёрлоруна албетте, Голдендин чыгармасы жакын эле да, атактуу режиссёр жана продюсер Стивен Спилберг китеп жарык көргөн жылы эле романды фильм кылып жаратуу акысын сатып алган.
Фильмди коюу режиссёр, хореограф (“Оскарга” жетишкен “Чикаго” фильм-мюзиклинин автору) Роб Маршаллдын бактысына түшкөн. Тасма 2004-жылдын октябрынан 2005-жылдын январына чейин 4 айдын ичинде тартылып бүткөн. Жалпысынан фильмге 90 миллион долларлык каражат кеткен.

ТАРТЫЛЫШЫ
Гейшалардын жалгыз мекени – Жапониядагы Киото шаары, Гион аймагы. Бирок, заманбап Гион 70 жыл ичинде бир топ өзгөргөн да, тасма АКШда, Лос-Анжелеске жакын чакан шаарчада жана Калифорниядагы жапон паркында тартылат деген чечим кабыл алынган.
Тасмага тартылган ар бир актриса ролду мыкты аткаруу үчүн 6 жумалык гейша мектебинен окуп чыккан. Аларга кичинекей кадам менен басууну, туура тамактанууну жана сүйлөөнү үйрөтүшкөн.
Фильмдин костюм боюнча адиси Коллин Этвуд атайын тасма үчүн деп салттуу кимонодон түстө­рү­нүн ачыктыгы менен айырмаланган, сүрөттөрү чоңураак болгон 250 кимоно даярдаткан. Мындан сырткары, чыныгы кимоно 27 деталдан турса, кино үчүн тигилген кийимдер 7 гана деталдуу болгон.
Рикша деп аталган арабалар, кээбир декорациялык буюмдар 2003-жылы Том Круздун катышуусу менен тартылган “Акыркы самурай” фильминен ижарага алынган.

ГОЛЛИВУДДА – ЖЕҢИШ...
“Оскар-2006” киносыйлыгы “Гейшанын эскерүүлөрүн” “Эң мыкты оператор”, “Эң мыкты сүрөтчү”, “Эң мыкты костюмдар” деген номинацияларда жеңүүчү деп тапкан. “Оскардан” кем калбаган “Алтын глобус” премиясы бул тасмага “Эң мыкты музыка” деген наамды ыйгарган.

...АЗИЯДА – КЫЙРОО
Кино Жапониянын кооздугун көрсөтүү менен бирге ал улуттун намысына чыдагыс сокку урган. Биринчиден, Чжан Зийи, Мишель Йео, Гун Ли баш болгон бардык актрисалар улуту боюнча кытай. Актёрлордун мындай курамы жапондорду гана эмес, кытай элин дагы таарынткан. Жөн гана роль ойносо да, улуттук салтты катуу кармаган кытайлыктарга мындай жорук кечирээрлик эмес эле. Кытай интернет сайттарынын биринде башкы ролду аткарган актриса Чжан Зийиге каршы «жапон сойкусу», “жапондун ойношу” деген орой сөздөр жазылган. Сайттагы “акча үчүн жапон менен жатуу ирээнжитээрлик. Ал (актриса) бүткүл Кытайды кемсинтти” деген билдирүү дээрлик бүткүл Кытайга тараган.
Атактуу кытай режиссёру Чен Кайге мындай деген жыйынтык чыгарган. «Кытай кыздары гейшаларды ойной алышпайт. Бул – Жапония маданиятында гана орун алган, кылымдар бою жашап келген салт. Алардын баскан-турганы, жылмайганы, адамды караганы, желдеткичти кармаганы башкача. Мунун баарысын туура аткаруу үчүн Жапонияда төрөлүп-өсүш керек. Бул кемчиликти азиялыктар эле байкабаса, америкалыктардын аң-сезими буга жетпейт”. Мындай сын сөздөр Голливудду канчалык таарынтса да, чындыкты кабыл албай коюу да мүмкүн эмес.
Мындан сырткары, Роб Маршаллдын майда каталарын да эске ала кетели. “Америкалык автор­дун америкалык романы боюнча тарткам” деген актануу режиссёрду сактап калган жок. “Фильмде гейшалардын кийимдери өтө эле ачык, сексуалдуу, ал эми кимоно – чындыгында, дененин бардык жерин жаап турган кийим”, “фильмде батыш көрүүчүсүн чочутуп албаш үчүн гейшалардын жүзүнө апакай упа коюуну унутуп коюшкан, а бул салтты сыйлабаганга жатат”, “гейшалардын жалгыз мекени – Калифорния эмес, Киото” деген сыяктуу көз караштар тасманын чыгышта жайылуусуна тескери таасирин тийгизбей койгон жок. Жапонияда да, Кытайда да бул фильмди көрсөтүүгө катуу тыюу салынган. Кызыккан киносүйүүчү фильмди пираттык DVD дисктеринен гана көрө алышкан. Мындай көрүнүш албетте, фильмдин жаратуучуларына күтүлбө­гөн чыгашаларды алып келген.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 287, 2-8-май, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан