Жаңы чыгып келе жаткан ырчы Эрлан Рамазанов иштеген кафесинен чыгып, үйүнө машина менен баратса, МАИ кызматкерлери кууп келип тороп калышкан. Көрсө, арткы номери жок экенин ырчы унутуп калыптыр. Айыбын төлөп кутулган ырчы эртеси машинадан ооз боёгуч менен жазылган телефон номерди көргөн. Ал номер менен байланышса, күйөрман кыздары тамашалап, машинанын номерин алып коюшкан экен.