Ысык-Көл аймагынын Түп районуна гастролго барган Алекс күйөрмандарына аз жерден уят болуп кала жаздады. Өзү тарбиялап жаткан окуучулары менен ал Каракол шаарындагы мейманканалардын биринде жашап жаткан. Концерт болор күнү Түпкө аттанган ырчы сахнага кийип чыкчу кийимдерин унутуп кете берген. Анысын концерттин алдында араң байкап, айласы кеткенде банкта иштеген таанышынын костюмун кийип чыкканга аргасыз болгон. Ушундан улам формасын унутуп жүргөн ырчы жаштарга кандай тарбия берип, кантип продюсерлик кылат деген ой келет.