Түркмөнстандан кыргыз жерине окуганы келген сулуунун жүрөгүн ээлеген Кумар Асанов азыр кайгынын көлүндө сүзүп жүрөт. Бир жылдан бери сүйлөшүп жүргөн кызы менен пикир келишпестикке барган ырчы акыры андан кол үздү. Дос катары калабыз деген чечимге келген ырчы жигит азыр сүйүүсүн унута албай, азап тартып жүргөн учуру. “Сүйүү курмандыгы болгон адамга чыгармачылык эргүү келет” деген чын окшойт. Мына сага деп туруп, ал “Закат” деген аталышта орусча-кыргызча ырлар жыйнагын чыгарып салды."Закат" ырын уккуңуз келсе www.super.kg/media/?type=audio&id=999 сайтындагы медиа-порталга баш багыңыз.