BACKSTREET BOYS

Дүйнөгө аты таанылган белгилүү топтордун бири “Backstreet Boys” тобу ырларынын сатылышы боюнча болуп көрбө­гөн­дөй натыйжаны көрсөтүп, 2001-жылы Гиннес рекорддор китебине киргизилген. Ал эми бул топтогу беш жигиттин ырларын гана эмес, өздөрүн сүйгөн миллиондогон кыз­дар­дын арасында “жетпей калдым” деп өз өмүрүн кыйгандары да болуптур. Дүйнөдө бул топтун айынан ажалга кабылган үч кыздын өлүмүнө “жөн гана ашыкча фанатизм” деген диагноз коюлган.

“Backstreet Boys” тобу 1993-жылы Американын Орландо шаарында бүтүрүүчү класстын окуучулары Эй Жей Маклин менен Хауи Дороу тарабынан түзүлгөн. Топ түзүү идеясы эки жигит бир кечеде чогуу ырдап калган күнү пайда болуп, көп узабай өздөрү курактуу мектеп жашындагы балдарды топтун катарына ала башташкан. Алгач топтун мүчөсү катары Ник Картер кабыл алынса, кийинчерээк жакын туугандар Кевин Ричардсон менен Брайан Литтреллдер келишкен. Ошондон тартып бир топко чогулган беш жигит чыгармачылыкта тынымсыз эмгектене башташат. Топтун эл алдына болгон алгачкы кадамы өздөрү окуган мектеп сахнасынан башталып, алгачкы концерти 1993-жылы 8-майда Орландо шаарында 3000 көрүүчүнүн алдында болуп өткөн. Дал ошол концерттен күйөрмандарынын бири бул топтун келечеги чоң экендигин байкап, Америкадагы ырчыларга колдоо көрсөткөн “Jive Records” студиясына телефон чалган. Жыйынтыгында, “Backstreet Boys” тобу бул студия менен келишимге кол коюп, биргеликте иштеше баштайт. Бирок, жигиттер дүйнөлүк масштабдагы атактуулукту багындыруу үчүн канчалаган эмгек жумшашса да 4 жыл бою өздөрү каалаган популярдуулукка жете алышкан эмес. Бул убакыт аралыгында “Backstreet Boys” тобу бир гана түнкү клубдардын жана ресторан-кафелердин жылдызы аталууга жетишкен.
1996-жылы топтун эң алгачкы “Backstreet Boys”(“Аркы көчөнүн балдары”) деп аталган жаңы альбому жарыкка чыгып, Батыш Европада популярдуу боло баштайт. Ал эми 1997-жылдан тарта дүйнөнүн эң атактуу музыкалык топторунун катарына кошулган “Backstreet Boys” ааламдын бардык аймактарын жердеген өспүрүм кыздардын жүрөгүнө ээ болгон десе жаңылыштык болбос. Эки кыздын топко тиешелүү автобустун багажнигине жашыруун түшүп алышып, ырчыларга көрүнбөй эки күн ачка гастролдоп жүргөндөрү, алардын бири Маклинге бриллиант таштары менен кооздолгон эки нике шакегин белекке бергени жана кийин бул белек кыздын ата-энесинин буюмдары болуп чыкканы – дал ушул жылдары болгон окуялар. Ал гана эмес, ырчы балдар Германияда гастролдоп жүргөн учурда бир мейманканадан өрт чыгарып жибергендери үчүн мейманкананын башчысы аларга атактуу ырчы болгондору үчүн айып төлөткөн эмес. Ошентип, жигиттердин кел-кели келип турган маалда Брайан Литтрелл жүрөгүнөн операция болуп, бүтүндөй топтун ишин толук 8 айга токтоткон. Мындай кырсыктан жаңы гана арылып, чыгармачылык ишке кайрадан кирише баштаган топту дагы бир кырсык басат. Бул жолу Хауи Дороу биртууган карындашы Кэролайндан айрылган эле.
Көп өтпөй топтун “Millennium” (“Миң жылдык”), “Black & Bluе”(“Кара жана Көк”) деген аталыштагы альбомдору чыгып, жигиттер өз абройлорун дагы бийикке жогорулатышкан. Мунун жыйынтыгында 2001-жылы “Backstreet Boys” тобу альбомдорунун эң көп санда сатылышы жана тапкан кирешеси боюнча дүйнөнү багындырып, Гиннес рекорддор китебине киргизилген. Мындай чоң жеңиштин артынан эле көпчүлүккө Эй Жей Маклиндин баңгизаттарын колдонуп жүргөндүгү жана анын бул жаман сапатынан арылуусу үчүн убакыт керек экендиги маалым болот. Жыйынтыгында, топтун убактылуу тарагандыгы туурасында жар салынган.
“Backstreet Boys” тобу тараган соң ырчылар ошол бойдон эле токтоп калбастан, музыка жаатында жеке карьерасын түптөө максатында өз-өзүнчө жаңы ырларды жарата башташкан. Бирок, арадан 3 жыл өткөн соң, тагыраак айтканда, 2005-жылдын 28-мартында топ кайрадан биригип, “Incomplete” (“Толук эмес”) деген жаңы композициясы менен чоң сахнага кайтып келишкен. Ал эми 2006-жылдын 24-июнунан тарта ырчы жигиттердин эң улуусу Кевин Ричардсон өз каалоосу менен жаңыча жеке турмуш куруу максатында топтон кеткен. Ошондон бери бир үйбүлөдөй бириккен төрт жигит баштапкы “Backstreet Boys” тобунун атын өчүрбөстөн тынымсыз иштеп келишет. Келерки айдын жыйырма биринде дүйнө элине таанымал “Backstreet Boys” тобу Москва шаарында алгачкы концертин берүүнү пландаштырууда.

Ник Жин Картер 1980-жылы 28-январда АКШнын Нью-Йорк штатындагы Жеймстаун шаарында төрөлгөн. Үйбү­лө­сүндөгү балдардын эң улуусу болгондуктан, ата-энесине үч карындашын жана инисин багууга жардам берүү үчүн балалыгында эле зээндүү чыгып, жарнамалык роликтерге тартылуу менен акча тапчу. Кийинчерээк ата-энеси ажырашып кеткендиктен, болочок ырчынын түйшүгү андан да оорлогон. Жарнамаларга тартылуу Никтин киного тартылуусуна жол ачып, 1992-жылы “Эдвард – кайчы колдор” фильминде майда-барат эпизоддордо роль жараткан. 1993-жылы гезиттеги “12-18 жашка чейинки ырчы жигиттерди кастингге чакырабыз” деген жарыяны окуп, жыйынтыгында, “Backstreet Boys” тобуна кабыл алынган.
Топто жана топ тарап кеткен учурда жекече ырдоо менен Ник өзүнө миллиондогон кыздардын жүрөгүн багындырганы талашсыз. Алардын катарында ырчы Вилла Форд, Пэрис Хилтон, Кэти Гриффин жана “Playboy” журналынын жылдызы Дэлин Кёртис сыяктуу атактуу жылдыздар да бар. Никтин айтымында, күйөрман кыздар болобу же атактуубу, же жөн гана соодагерби, ал үчүн бардык кыздар бирдей. Эң негизгиси, алар сулуу болсо гана жетиштүү. Ал эми Никтин өзүнүн сулуулугу 2000-жылы “People” журналы тарабынан аныкталып, дүйнөнүн эң сулуу 50 мырзасынын катарын толуктаган. Жеке жашоосунда Ник алтын жасалгаларга абдан жакын.

Эй Жей Маклин 1978-жылдын 9-январында АКШнын Уэст Палм Бич шаарында жарык дүйнө­гө келген. Эй Жей 2 жашка толгондо ата-энеси ажырашып кетип, таене-таяталарынын колунда чоңоёт. Балалыгынан эле аткаруучулук таланты бар болгондуктан, болочок ырчы 5 жашынан тарта театрда эмгектенип, бардыгы болуп 27 спектаклде роль жараткан. 6-классында апасынын кеңеши менен Эй Жей бийчилер мектебине бара баштайт. Эки жылдан кийин башка тармакка кол сунуп, куурчак театрына да ишке орношот. Кийин спорт жаатында кылыч менен чабышуу боюнча да жакындан таанышкан. 1990-жылы апасы менен бирге Орландо шаарына көчүп келип, ошол жерден “Backstreet Boys” тобуна кабыл алынат. 2000-жылы Эй Жей баңгизаттарына жана спирт ичимдиктерине баш-оту менен бериле баштаган. Бирок, 2 жылдан кийин бул жаман сапаттарынан арылган Эй Жей кайрадан “жарык дүйнөгө” келет. Ошондон кийин баңгизаттарына берилген адамдарга жардам катары кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүү үчүн 25 миң доллар акча сарптаган. Эй Жей кыздардын күлмүңдөгөн көзүн жана узун чачын жактырат.

Брайан Литтрелл 1975-жылы 20-февралда АКШнын Кентукки штатындагы Лексингтон шаарында төрөлгөн. Брайан эки биртуугандын ки­чүүсү. Балалыгынан эле апасын ээрчип баптисттердин чиркөөсүнө барып жүрүп, ал жактан хордо ырдай баштайт. Ал эми “Backstreet Boys” тобуна жакын тууганы Кевин Ричардсон аркылуу кабыл алынган. Ошондон бери топтун туруктуу мүчөсү. 1997-жылы Брайан топтун ырларынын бирине клип тарттыруу маалында болочок жубайы актриса жана модель Лиэнн Уоллес менен таанышкан. Сүйүшкөн­дөр 3 жыл жакын мамиледе чогуу жашашкан соң 2000-жылы 2-сентябрда баш кошушуп, дүңгүрөгөн үлпөт тоюн өткөрүшкөн. Ошол эле жылдын ноябрь айынын жыйырма алтысында Бэйли Томас Литтрелл аттуу уулдуу болгон. Айта кетчү нерсе, Брайан макарон менен сырды эң жакшы көрөт.

Хауи Дуэйн Дороу 1973-жылы Флориданын Орландо шаарында төрөлгөн. Ата-энесинин 40 жаштан ашканда көргөн көкү­рөк күчүгү. Үч эжеси, бир бай­кеси бар. Хауи кичинекейинен эле таланттуу чыгып, 6 жашында “Өз өлкөсү­нүн сыйкырчысы” аттуу спек­таклде ойногон. Кийин музыкалык мектептен билим алып, католиктердин чиркөө­сүндө хордо ырдап, өз талантын такшалта баштайт. 1992-жылы “Backstreet Boys” тобуна келгенге чейин бир канча музыкалык конкурстардын жеңүүчү­сү аталган. Хауи өзүнүн болочок жубайы Ли Бониелло менен 2000-жылы таанышкан. Ал кезде Ли “Backstreet Boys” тобунун расмий интернет сайтынын веб-мастери болуп иштечү. Түгөйлөр 2007-жылдын 16-августунда бири-бирине шакек салышып, ошол эле жылдын 8-декабрында баш кошушкан. Хауи өтө кыялкеч адам болгондуктан, ай жарыгында сууда сүзүүнү жактырат.

Кевин Ричардсон (учурда топто эмес) 1971-жылы 3-октябрда АКШнын Кентукки штатында өрт өчүрүүчү Жеральд менен үй кожойкеси болгон Анна Ричардсондордун үйбүлө­сүндө туулган. Кевин байкеси жана иниси менен бирге балалыгын жетишпеген турмушта өткө­рөт. Жашынан эле көп кырдуу жигит балет мектебинде окуп, хордо ырдап, драмалык театрда ойноп, латын бийин бийлеп, бир топ таланттарды таптап келген. Бирок, жүрө­гүн­дөгү музыкага болгон сүйүүсү Кевинди 1992-жылы 21 жаш курагында “Backstreet Boys” тобуна жетелейт. Кийинки эле жылы “топтун эң мыкты солисти” деген атка конгон. Топ тарагандан кийин атайын жаш композитор, продюсер жана ырчыларды окуткан жеке мектебин ачкан. Ал эми топ кайра бириккенден кийин 2006-жылы 24-июнда Кевин “Backstreet Boys” тобунан кеткен. Кевин 2000-жылы 17-июнда белгилүү бийчи жана актриса Кристин Виллитске 8 жылдык жакын мамиледен кийин баш кошкон. 2007-жылы жубайлар Мейсон аттуу уулдуу болушкан.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 287, 2-8-май, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан