Ырчы Бека мурун Лира аттуу кыз менен бирдикте “Бека” тобу болуп эл алдына чыгып жүргөн. Лиранын Алматыга иштеп кетишинен улам “Бека” тобу чачыраган эле. Эми ырчы өзүнүн аты менен эле чыкмай болду. Беканын жаңылыгы бул гана эмес. Ал экинчи ирет кыздуу болуп, атын Аниса койду. Кызы үч айга чыкса да, ырчынын үйүнөн бала көрүп келгендердин аягы үзүлө элек.