Каныкей дүйнө жүзүн багынта алабы?

Өзгөчө үндүү Каныкей АКШнын Лос-Анжелес шаарына окууга кетмей болду. Ырчынын ал жакка баруусунун себеби – вокалды өздөштүрүүнүн уникалдуу техникасын ойлоп тапкан Сет Ригзден сабак алуу. Жакында эле Америкадан келген ырчынын продюсери Каныкейди Сет Ригздин легендарлуу тизмегине кошуп келген. Дүйнөгө таанымал бул адамдан Майкл Жексон, Мадонна сыяктуу айтылуу жылдыздар сабак алышкан. Каныкей вокалдык жөндөмдүүлүгүн өстүрүү менен, дүйнөлүк аренага аттансамбы деп турат. Баса, жакында эле жаздырган “Носонте” аттуу чыгармасы менен Орусияны багындыруу – жакынкы пландарынын бири.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 363, 16-22-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан