Таланттуу ди-джей жана телеалпаруучу Алтын Мырзанын жашоосу кыска мөөнөттүн ичинде жагымдуу эки окуя менен коштолду. Башкача айтканда, “Замана” таңкы телеберүүсүндө алпаруучулук милдетин аркалай баштады. Анан да БМВ үлгүсүндөгү темир тулпарлуу болуп отурат. Бул тууралуу: “Акыры көздөгөн максатыма жетип, машиналуу болдум. Майга акча кетип жатканы эле болбосо, машина менен жүргөн жыргал экен. Бутум узарып, жумуштарымды бат эле бүтүрүп жатам”,- дейт кубанган Алтын.