Куудул, ырчы Жеңишбек Айтиевдин келинчеги таарынып төркүнүнө кетип калыптыр. Буга ырчынын кошуналарынын “күйөөң бирөөнү таап алган, башка кыздар менен жүрөт. Мындай күйөө менен кантип жашап жүрөсүң?” деген сөздөрү себеп болгон. “Артист болгондон кийин концерттерде, тойлордо жүрүп, үйгө кеч келебиз да. Аны түшүнбөй, жубайың кетип калса жаман эле болот экенсиң. Артынан барып улуу баламды алып келдим. Эми жубайымдын таарынычы тараганча күтүп турам го. Антип ушакка ишенип турмушубузду бузуп алсак, үч баланын убалы кимге?” дейт Жеңишбек.