«НАЗИК» бий тобу

Учурда шоу-бизнес дүйнөсүн бийчилерсиз элестетүү кыйын. Кайсы ырчы чыкпасын, аны коштоп тал чыбыктай ийиле бийлеген бийчи кыздар сахнанын көркүнө көрк кошуп келет. Мекенибиздеги көптөгөн бий топторунун ичинен алда канча популярдуулукка жетишкен топтордун бири – “Назик” бий тобу. Ал эми бул топту жаш экендигине карабай жетектеп келаткан бийкеч – Назик Исраилова.

Исраилова Назик 1983-жылы 30-октябрда Нарын облусунда төрөлүп-өскөн. Бий өнөрүнөн сырткары ырдаганга да кызыгат.

Назик, алгач топтун кантип түзүлүп калганы тууралуу айта кетсең?
– Өзүм кичинекей кезимден эле бийге жакынмын. Атайын билимим жок болсо да, аябай жакшы бийлечүмүн. Кийин өзүм окуган БГУда бий сабагын үйрөтүү үчүн атайын бөлмө ачканмын. Ошентип, 7 жылдан бери “Назик” бий тобу болуп аталып келатабыз. Учурда ал жерде хореографиядан 300дөй кызга сабак берем.
– Топтун аты өзүңдүн атыңдан “Назик” деп аталып калды беле?
– Жок. Топтун жана менин атымдын окшоштугу капысынан эле болуп калган. Бийчи кыздарды топтогондон соң топко ат коюу оюмда эле. Бирок, “кандай ат жарашат?” деп көпкө чейин ойлонуп жүрүп, топто жалаң кыздар болгондуктан, аялзатына тиешелүү касиеттердин бири назиктик деп “Назик” атаганмын.
– “Назикте” бийлеген 300 кыздын баары сахнага бийлеп чыгышабы?
– 300 кызга мен БГУда эле сабак берем. Ал эми башка жерде да студиям бар. Ал жакта да 300 окуучу кызым бар. Ошондо жалпысынан 600 кызды бий өнөрүнө үйрөтүп келем. Алар 13-25 жашка чейинки окуучу жана студент кыздар. Акыркы 4 айдан бери жигиттерге да бийден сабак берип жатам. Ал эми сахнага “Назик” бий тобуна алгач келген, учурда мыкты бийлеп калышкан 20 кыз чыгышат. Көбүнчө Мирбек Иманбеков, Бек Борбиев, Султан Садыралиев, Сапар, Ильяз Абдыразаков, Замир Мырза жана башка ырчылар менен иш алпарабыз.
– Өзүң жалгыз 600 окуучуга бий үйрөткөнгө үлгүрөсүңбү?
– Кыздарга өзүм сабак берем. Алардын ар биринин убактысына карап сабактардын убактысын бөлүштүрүп коём. Мисалы, эртең менен окугандарга түштөн кийин сабак өтсөм, түштөн кийин окугандарга эртең менен өтөм. Жигиттерге болсо Максат деген бийчи жигит бар, ошол сабак берет. Мен үстүртөн гана карап турам. Ал эми дайыма эл жүзүнө көрүнгөн 20 кыз өзүлөрү бийлеп, даярдана беришет. Жаңы бий, жаңы идеяларды таба калышса мени чакырып, кеңештеримди, сындарымды угушат.
– Сахнага чыккан 20 кыздын сырткы келбетине атайын талап коёсуңбу?
– Кыздар концерт, тойлордо көрүүчүлөрдүн көзүнө көп илингендиктен, алардын сырткы келбетине, тулку боюна катуу талап коём. 20 кыздын баарынын тең чачтары узун, фигуралары жакшы, бойлору тең жана жүздөрү да окшошуп кетет.
– Кыздар турмушка чыгып кетишсе да топто бийлей беришеби?
– Турмуш кургандан соң топтон кетишет. Бул биздин топтун эң негизги талаптарынын бири десем да болот. Себеби, үйбүлөлүү болгон соң бийге аз убакыт бөлүп калышат экен. Быйыл 6 кызды турмушка узаттык.
– Айрым кыздар фигурасын калыбына келтирүү үчүн же арыктоо үчүн да бийге катышат эмеспи. Топко ушул маселе менен да келгендер барбы?
– Төрт айдан бери атайын арыктоону каалаган айымдарга да бий үйрөтүп жатам. Арыктоону каалаган айымдардын жаштары 25-30га чейин. Алгач келгенде эле алардын салмагын ченеп алып жатам. Аларга бийлерди үйрөтүү менен бирге арыктатуучу атайын көнүгүүлөрдү жасатам.
– Той-топурларга көп чакырышабы?
– Негизи, “ырчы менен бийчилер тойлордон курсагын тойгузушат” десем жаңылышпайм. Бизди көп тойлорго чакырышат. Бир жумада 4-5 тойго барабыз.
– Бийчилерге ырчылар көп гонорар төлөшөбү же тойдун ээлериби?
– Ырчылардан биз акча албайбыз. Алар менен алмашуу түрүндө иштешебиз. Мисалы, алардын концерттеринде биз бекер бийлеп берсек, алар биз чакырган жактарга барып бекер ырдап берип турушат. Ал эми тойдо үч бийибизге 6 миң сомдон төлөшөт.
– Тойлордон түшкөн акчаны эмнеге коротосуңар?
– Кийим тиктиребиз. Топтогу 600 баланын ар биринин формасы бар. Алардын ичинен ону улуттук бий бийлешсе, он экиси өзбек, алтысы индия жана башка улуттун бийлерин бөлүштүрүп алып бийлешет. Ар бирине атайын форма тиккенбиз.
– Башка бий топторун атаандаш катары көрөсүңөрбү?
– Албетте. Окшош кесипти аркалагандан соң “андан мыкты болоюн” деген сезим болот. Атаандаштыктан жакшы идеялар жаралаарын да айта кетким келет. Маселен, эгерде чогуу бир концертке башка бий топтору менен чыгып калсак, алар сахнага чыккандан кийин бийлегендерин, формаларын көрөм да, алардыкына окшоштурбоого аракет кылам. Бирок, башка бий топтору менен ич ара мамилелерибиз жакшы.

Маектешкен Бактыгүл Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 287, 2-8-май, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан