19-октябрь Юрий Бобковдун өмүрүндө эсте калчу, унутулгус күндөрдүн бири болду. Улуттук эстрада өнөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкону үчүн Юра байкебизге КРнын Эл артисти наамын ыйгарууга жарлык чыкты. “Ыйгарылсын деген сөздүн эле сүрү укмуш экен” дейт сүйүнүчү коюнуна батпаган ырчы. Төш белгини колуна ала элек болсо дагы учурда ырчыны куттуктап келген жакындарынын саны арбын. Эл артисти төш белгисин колуна алары менен концерт берем деп чамынган ырчынын учурда бир да мүнөт бош убактысы жок.