Түрк тилдүү улуттар арасында боло турган “Чолпон жылдыз” Эл аралык ырлар жарышы биринчи биздин өлкөдө старт алып, Түркмөнстан ырчысы баш байгени жеңип алган эле. Шарт боюнча сынак жеңүүчүнүн өлкөсүндө уланмак. Бирок кризиске байланыштуу Түркмөнстан өткөрө албай калып, “Чолпон жылдыз” кайрадан Кыргызстанда болору маалым болгон. Кризиске байланыштуу бул жылы Кыргызстанда да өткөрүлбөсү анык болду.