Тумар” радиосунун ди-джейи Бегайым Абдыкадырова жакында турмушка чыгат. Ди-джей кыздын ак боз ат минген ханзаадасы “Азаттык” радиосунун журналисти Мирлан Токталиев экен. Сүйүү отунда алоолонгондордун тою 14-ноябрда Нарын шаарында өтөт. Той бүткөн соң ди-джей кыз кайра эле сүйүктүү жумушун улантмакчы.