Жакында эле Сайкал Садыбакасова кызык окуяга туш болду. Адаттагыдай эле машинасын токтотуп, сабагына кирип кеткен. Кайра чыкса машинасынын эшиги ачылып калган экен. “Жаппай кеткен турбаймынбы” деп ойлонгуча болбой, арткы орундукта жумшак оюнчук турганын көрөт. Коркуп кеткен ырчы дароо Гүлшайыр эжеге телефон чалыптыр. “Бирөө бомба коюп кеттиби?” деген ойго такалган Гүлшайыр эже милиция кызматкерлерин, өрт өчүргүчтөрдү чакырткан. Ызы-чуу болуп жетип келгендер машинада эч кандай бомба жок экенин такташкан. “Кыз-Бурак” тобунун кыздары “машинаны ким ачышы мүмкүн?” деп баш катырышууда.