“Кыргызстан Обондорунун” эң жаш ди-джейи Аскат Алдашев баарына үлгүрүүдө. Ал Президенттин алдындагы башкаруу академиясында окугандыгына карабай радиодо иштеп келет. Аталган радиодон Аскаттын үнүн күндө угуп эстен танган күйөрмандары эми анын жүзүн НБТ телеканалынын музыкалык берүүсүнөн көрүшүүдө.