Мындан төрт жыл мурун “Девушка мечта” ыры менен жаштар арасында популярдуу болгон Тилек Каниметов эсиңиздеби? Эми бул ырчы жагымдуу ырлары менен кайрадан күйөрмандарынын назарында. Тилек 2007-жылы Кытайга келишимдик негизде ырчы катары иштеп кеткен эле. "Конок болуу жакшы, бирок өз үйүңө эч нерсе жетпейт" дегендей, мекенин сагынып кайтып келди. "Кийинки ырларым кыргыз тилинде жаралат" деген ырчы “Две реки” ырын жазып бүтүп, жакында клип тартканы жатат. Ырды www.super.kg/media/?type=audio&id=921 сайтынан уга аласыздар.