Ырчы Бакрас–Ашрам майыптар күнүнө карата концерт уюштурган эле. Аты белгилүү ырчылар катышкан бул концерттен түшкөн каражат толугу менен мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардамга берилмекчи. Ырчынын жеке жашоосуна кайрыла турган болсок, Бакрастын эркектен кызга айланышын тааныштары түшүнүү менен эле кабыл алышууда. Атүгүл кыздардан курбу күтө баштады. "Чыгармачылыгымды өнүктүрүп жатам" деген ал “Аруу сезим” аттуу ыр жараткандыгын кабарлады.