Акыркы күндөрү маанайы пас жүргөн ырчы Сапар Эркебаев турмуштун оор сыноосуна кабылган учуру. Үй-бүлө ичинде боло жүрчү ар кандай түшүнбөстүктөрдүн аягы ырчыны аялы менен ажыраштырып отурат. Биздин “элдешишиңер мүмкүнбү?” деген сурообузга Сапар: “Эми элдеше албайбыз. Кызымды аялым өзү менен кошо алып кеткен. Бишкекте эле жашап жатышат. Сагынганда барып көрүп турам. Азырынча жаңы турмуш күтүү жөнүндө ойлоно элекмин”,- деп билдирди.