Максат Бегалиев казактын жана өзбектин белгилүү ырчылары менен дуэт жаздырууну пландаштырууда. Тактап айтканда, жакында эле Өзбекстанга, андан соң Казакстанга барып, казактардын "Текила" тобу менен келишим түзүп келди. Максаттын максаты кыргызга гана эмес, казак, өзбек туугандарга да таанылуу. Жазылган ырлар жаңы жылдан тарта жаңырат.