Ырчы жана обончу Кубаныч Сатаев кайненеси Саламат Садыкова менен бирге Тайвань өлкөсүндө өткөн “Дүйнөлүк фольклор” фестивалына катышып келди. Тайвандын 30 градус ысыгына чыдабаган Кубаныч кайра-кайра суу иче берген. Суусундугу түгөнүп калып супермаркетке кирип, элдин көбүнөн башы айланып адашып кеткен. Эки саат бою өзү келген жолду издеген ырчы экинчи жалгыз чыкпас болуптур. Учурда Кубаныч концерттерге, тойлорго катышып жүрөт.