Жаңы эле түзүлгөн “Эне эмгеги” фонду 28-октябрда Спорт Ордосунда кайрымдуулук концертин өткөрдү. Алпаруучулук тизгин Эльмара Турсуналиева менен Турусбек Жумалиевдин колуна берилди. Концертке эстрадабыздын көрүнүктүү ырчылары Айчүрөк Иманалиева, Замир Арыкбаев, Съездбек Искеналиев, Тата Улан, Ильяз Андаштар катышышты. Уюштуруучулар концерттен түшкөн каражатка азык-түлүк, керектүү буюмдарды алып, майып балдары бар үй-бүлөлөргө, балдар үйлөрүнө таратышты.